Башка уруудан маңгул бар,
Баатыр Жайсаң даңгыл бар,
Күлдүрдүн уулу Чалыбай,
Баштатан Дөгөн кары бар,
Манжуруя журтунан
Мажик баатыр дагы бар,
Андан бөлөк буларда
Алтайлыктын баары бар,
Алчын, үйшүн, найман бар,
Аргын Каракожо бар,
Абактардын ичинде
Айдаркан баатыр кошо бар.
Кыргыздардан Байжигит,
Кыпчактардан Таз чечен,
Ногой уулу эр Эштек,
Нойгуттардын Чубагы,
Тотулардан Саламат,
Топ кылышты жыйылып
Толуп жаткан жамагат.
Өзүбектен Дамбылда,
Өткүр баатыр Абдылда,
Набаттардан Акынбек,
Анжыяндык Акылбек,
Каракалпак Бердике,
Каңгайдан келген Келдике,
Агыдай менен Төлөнбек,
Аларды да билиңиз
Аскер башы төрө деп,
Бегиш, Көйүш аяры,
Беттешкен жоого даяры.
Даңгыттан келген Кайып кан,
Дагалактын Мунары,
Атпай улук чогулуп
Акылга келди булары.
Арстан Манас баатыры,
Айдаркандын Көкчөсү,
Абакеси Бакай бар,
Дөөлөстүн Медер султаны,
Төбө бийдин Кулжаны
Төрө Манас баатырды
Төгөрөктөп турганы.
Акунбешим пааша деп,
Атышар жооң ошо деп.
Эки кайта кол келди,
Эсил жанга зор келди.
Душмандык кылды биздерге,
Мен ойлонуп турамын
Бешим шааны издээрге.