Көбүңө салдым көп түлүк
Көңкү турган көпчүлүк
Көргөзбөйт экен үйдү деп,
Самап калды Чүйдү деп,
Көңүлүңө албасаң,
Көз кыйыгын салбасаң,
Жаман көрүп калбасаң
Акунбешим паашаны,
Арзып турам ошону.
Кадыр алда буюрса
Канын суудай жошолу,
Алтайлык менен Наамандык
Айылын бирге кошолу.
Аны айтып Манас салганы,
Айдаркан уулу эр Көкчө
Ордунан тура калганы:
Уругуң кыргыз улуу журт,
Урматтуулар, баарың ук!
Атадан калган жер үчүн
Бу турган Булагасынга
Барбайт деген эмине?
Муну айтып Көкчө салганы,
Кайып даң менен Мунары,
Кабыл алды булары.
Маңгулдун баатыр Даңгылы,
Кара калмак журтунан
Кадимки Мажик камбылы,
Ошпур, Бакай карысы
Олтургандын баарысы.
Бөлмөк болду колуну,
Алмак болду жолуну.
Камбардын туун аштады,
Жүз элүү миң кол алып
Айдаркан жолду баштады.
Кызыл-Кыя жол менен,
Жүдөбөгөн көй баатыр
Жүз элүү миң кол менен,
Дуулат, Үйшүн зор менен,
Каркыра басып калкылдап,
Каруу-жарак жаркылдап,
Асабасы жалпылдап,
Алтындуу туусу калкылдап,
Чабдар, Чарын жол менен
Бара турсун эр Көкчө
Жүз элүү миң кол менен
Арбынын алып элинин
Ара күндүк жол экен,
Ченин алып жеринин,
Түптөн кечип жол менен,
Түмөн аскер кол менен
Тууну тууга урдуруп,
Чаңды обого бурдуруп,
Сурнай кулак тундуруп,