МАНАСТЫН ОРГО КАН МЕНЕН БОЛГОН СОГУШУ
Ат тизгинин кармады,
Наапаларын айдады,
Жыргалаңдын боюнда,
Жылуу-Суунун оюнда
Жыргап жаткан Манаска
Супа саадак чалганда *,
Таң саргарып калганда,
Арабасын сүйрөтүп,
Адамдарды дүрбөтүп,
Кызыл кымкап, тубардан
Кымбат баа пулдардан,
Баштап-баштап булардан
Арбын дүнүйө алыптыр,
Арстан эрдин астына
Тартуу менен барыптыр.
Наападан түшүп катыны
Өткөрдү тартуу баарыны,
Сандыкта алтын зарыны *.
Өлтүрсөң мына турупмун,
Өтүнүп көп сураймын
Эки уулумдун жаныны.
Ошондо Манас кеп айтат:
Ук, байбиче, деп айтат,
Балдарың кечтим күнөөсүн,
Жакшы киши окшойсуң
Байкоо менен сүйлөйсүң.
Турсун аман балаңыз,
Турсаң мына калааңыз,
Өз жаныңа караңыз.
Ырамандын баласы,
Атпай журтка көрүндү
Акылынын даанасы.
Эби болсо сизге деп,
Эртели-кечти бир жүрүп
Эрмек болсун бизге деп,
Эр Манас айтып салганы.
Макул болот баатыр деп
Байбиче кабыл алганы.
Санамкүл менен Ыраман
Санаасы тынып булардан
Кайта берсин калаага,
Беш миң үйгө бек кылып
Таажы берди жанагы
Каратай аттуу балага.
Ошонун жайы мына бул:
Айтканынан баар * таап
Талабына жеткен кул,
Ырамандын Ырчы уул,
Ычкыры бапик кыр муун,
Тебетейи чоктуу кул,
Айтарга сөзү шоктуу кул,
Кылабына толгондо
Кырк чоронун бири бул.

