МАНАСТЫН ОРГО КАН МЕНЕН БОЛГОН СОГУШУ
Сом жеринде ок бар деп
Тинтүүр менен копшутуп,
Ок жуткуруп окшутуп,
Кустурма берип кустуруп,
Жүрөктөгү кара кан
Оржемил берип буздуруп.
Буту-колу сынганга
Момия дары издешип,
Баланчанын мылтыгы
Атканын жазбайт түз дешип.
Кыйрап калды мизи деп
Кылычын кайрап миздешип,
Кызыталак кытайга
Кыңкайбайлык биз дешип,
Ай балтасын сапташып,
Найзанын баарын тапташып.
Мылтыктын баарын майлашып,
Мыктынын баарын урушка
Бүгүнкү күнгө шайлашып.
Токтоторго киши жок,
Бирөөнө бирөө иши жок,
Түн боюнча түмөн кол
Тоону көздөй тарашып,
Карагайга карашып,
Кай кеткенин биле албай,
Кабардашып тил албай,
Алыстан келген аскери
Бет-бетинен тарады,
Жаман-жакшы дебестен
Жан аманын карады.
Орго кандын катыны,
Санамкүл дээр атыны.
Ээрчитип эки баласын,
Ээн таштап калаасын,
Казыналык коргондон
Окшоштон он ат алганы,
Аттын баарын келтирип
Наападан * башын салганы,
Орго канга увазир,
Насили казак, улуу жүз,
Ыраман деген увазир,
Башчы кылып алганы.
Ырамандын баласы,
Кызыл-Сууда калаасы,
Атын уксаң Каратай,
Акындыгы бир далай.
Атасына каралап,
Баашалык багын аралап
Барган экен а дагы.

