Көз байланган кечинде
Отуздан, кырктан топтошуп
Көрдүңбү деп бир-бирин
Көзү жогун жоктошуп.
Жыбырап жылдыз толгондо,
Эл жатар маал болгондо
Жарадарлар сүйрөлүп,
Өлгөнү жаткан жеримде
Карабай кетип калдың деп
Капааттанып сүйлөнүп,
Баланчага ок тийди,
Бастанчага топ * тийди,
Аламан койгон аскердин
Кыйласына карасаң
Кызыл жалын чок тийди.
Баланга найза тийиптир,
Баданасын кыйратып
Мына мынча кириптир.
Жонуна найза тийиптир,
Соотун кошо талкалап
Соорусуна кириптир.
Кудай алсын аны деп,
Аялуу экен жаны деп,
Аркасында жарасы,
Ажырабайт катындан
Андай эрдин арасы.
Жоону көрүп алган деп,
Жонун жоого салган деп,
Токтобой качып калган деп,
Кутулам деп ойлонуп
Аны кудай уруп салган деп.
Баланчанын жанында
Жарасы бар, жашырат,
Жолдошу айтып шыбырлап,
Сизде да эрлик бар экен,
Жонуңузда жара экен,
Бирөөлөрү шылдыңдап.
Кошко келип калышып,
Баландай киши жоголду,
Барбы экен деп кошунда
Бакырып айгай салышып,
Барын таап алышып,
Жогуна жооп кылышып.
Өлүү-тирүү болсо да
Өзү билип жатар деп,
Азганакай уктайлык,
Эми эле таң атар деп,
Элге болгон бу да бир
Ажал, өлүм катар деп.