МАНАСТЫН ОРГО КАН МЕНЕН БОЛГОН СОГУШУ
Жараттын оозун буушуп,
Урушка минген аттарын
Таң ашырып суутуп,
Урушка кийген тондорун
Каткан канын жуушуп,
Соолору тынчтык алыптыр,
Созулуп уктап калыптыр.
Жаралуулар жата албай,
Тоңкочуктап үшкүрүп
Төшөгүнө бата албай.
Аскери антип жатыптыр,
Эртеси таң атыптыр.
Коборунан эринип,
Козголо албай керилип,
Турарынан эринип,
Туташып бою керилип
Жөн дегени дагы бар,
Түгү чыгып бетинен
Жүдөгөнү дагы бар.
Капырда каруу калбады,
Каруу-жарак алалы,
Кантесиңер, майданга
Жүр дегени дагы бар,
Үшү кетип уруштан
Сүрдөгөнү дагы бар.
Колу сынып таңдырып
Байлап жүргөн дагы бар,
Коркпой уруш салгын деп
Койдой кылып дүрбөтүп
Айдап жүргөн дагы бар.
Буту сынган мунун деп
Теректерден табышып,
Челек кылып чабышып
Оюп жүргөн андан көп,
Колу чыккан экен деп
Колтугунан көтөрүп
Чоюп жүргөн сандан көп,
Өлгөндөрдү суңкуйтуп
Өзөн бойлоп жер казып
Коюп жүргөн андан көп.
Жер очоктой бир жерди
Жемире чаап оюшуп,
Кызыл ала боюнча
Кийими менен коюшуп
Көөмп аткан андан көп,
Кут болсун баатыр жара деп,
Кудайыңа кара деп,
Жаңы келип жарасын
Көрүп өткөн сандан көп.

