Күңгөй бойлоп күркүрөп,
Күлдү кыргыз аскери
Күйгөн оттой дүркүрөп,
Кызыл айчык туу аштап,
Кыраан Бакай жол баштап,
Кыргыл баатыр кол баштап,
Аргымак аттар алкылдап,
Алтындан калкан жаркылдап,
Арстан Манас аскери
Бара турсун шартылдап.
Ала-Бели көрүндү,
Жүз элүү миң кол менен
Үрбү баатыр бөлүндү.
Аны таштай туруңуз,
Акунбешим паашанын
Аңгемесин угуңуз.
Чулу менен Ардайды,
Көкүрөктөн Кеймен кан,
Орго шаага баргын деп
Жөнөткөн эле далайды.
Жети жүз миң кол келип,
Жерге сыйбай мол келип,
Кеймен, Чулу зор келип,
Урушуп жүрүп өздөрү,
Баатырлардын өлгөнүн
Анык көрүп көздөрү
Сары кыяр калдайы,
Ары кыяр, ары аяр,
Өнөр менен кутулуп
Барган экен канына,
Жапа түшүп жанына.
Көтүнөн барган көпчүлүк,
Көрүп барды көп түлүк.
Ат-тонунан айрылып
Өзү барды кай бирөө,
Кулагынан айрылып
Көзү барды кай бирөө.
Сол колунан айрылып,
Оңу барды кай бирөө,
Энчисинен айрылып
Чоңу барды кай бирөө,
Оң колунан айрылып,
Солу барды кай бирөө,
Муздап калган эмедей
Тоңу барды кай бирөө.
Көздөрүнөн айрылып
Кашы барды кай бирөө,
Бала-чака жуда жок
Башы барды кай бирөө.