МАНАСТЫН ОРГО КАН МЕНЕН БОЛГОН СОГУШУ
Башын бууп кур менен
Бөрксүз барды кай бирөө,
Мурунунан айрылып
Көрксүз барды кай бирөө
Эки буттун бири жок
Чолок келди кай бирөө,
Эптүү айткан сөзү жок
Нонок келди кай бирөө.
Балдак менен таянып
Басып келди кай бирөө,
Башы-көзү кызыл кан,
Жашып келди кай бирөө,
Балакетке калдык деп
Шашып келди кай бирөө.
Омуроого ок тийип
Онтоп келди кай бирөө,
Оозуна келген кепти айтып,
Оттоп келди кай бирөө.
Төртөө-бешөө чогулуп
Топтоп келди кай бирөө,
Төрөсүнөн айрылып
Жоктоп келди кай бирөө.
Бир тууганым өлдү деп
Боздоп келди кай бирөө,
Минген аты ушу деп
Коштоп келди кай бирөө.
Көрүп туруп Акбешим,
Көлдөй төктү көз жашын.
Кыжылдап барган кытайдын
Кыйласынан кеп сурайт:
Кыйын бекен кыргыздар
Кылганын айткын деп сурайт.
Көсөл калдай барганы,
Сары кыяр аяры
Көргөнүн айтып зарлады:
Эбин-чагын журт күтүп
Эл көрө элек экенбиз,
Эрегишип урушуп
Эр көрө элек экенбиз!
Ала мөңгү бел ашып
Тоо көрө элек экенбиз,
Айгайлашып урушуп
Жоо көрө элек экенбиз!
Ат арытып сапардан
Жол көрө элек экенбиз,
Арбын черүү, улуу топ
Кол көрө элек экенбиз!
Ар тараптан арбыган
Эл көрө элек экенбиз,
Агып ташып каптаган
Сел көрө элек экенбиз,
Айтканынан кайтпаган,
Ажалдан башын тартпаган
Эр көрө элек экенбиз!

