МАНАСТЫН ОРГО КАН МЕНЕН БОЛГОН СОГУШУ
Бейшекел деген жаң-жуң бар,
Менден кабар салыңар,
Бейли катуу балбандан
Беш миң аскер алыңар.
Ойрок деген жайсаң бар,
Ондон бир миң алыңар,
Он эки миң кол болуп,
Ала-Белге барыңар.
Жарагың болсун колуңда,
Жалгыз аттын жолунда
Күнү-түнү уктабай
Күзөт кылгын баарыңар.
Ала-Белге жайлаган
Алеңгир жаасын шайлаган,
Алачолок байлаган
Аяр суңдуң * Дөрө бар,
Алты жүз үй караган,
Анжуулукка төрө бар,
Кашыңарга алыңар,
Кароолчу болгун баарыңар,
Каптап бурут кол келсе
Кабарды ылдам салыңар.
Кат кылып берди колуна,
Кеймендин салды жолуна.
Акун пааша кеп айтат:
Аттаныңар деп айтат.
Шамың шаа деген балбансың,
Салышкандын баарысын
Далдал кылып алгансың,
Жанчышканда * душманга
Замаи акыр салгансың,
Кызыл-Сууда Бооңду
Жолдош кылыи алгайсың.
Он алты миң кол алып,
Ордодон аскер мол алып,
Ушу бүгүн жол алып
Көтмалдыга баргайсың.
Капчыгай чыккан коосунан,
Омполдун кызыл тоосунан
Кароолду катуу карагын,
Чының менен чыңоолго *
Чын ушу жол жарагын.
Жаздым болуп кокустан
Өткөрүп ийсең бурутту,
Бурут бизди курутту.
Элебей жатып албагын,
Элге кыргын салбагын,
Катын-бала, кары-жаш
Убалына калбагын.

