МАНАСТЫН ОРГО КАН МЕНЕН БОЛГОН СОГУШУ
Абасы Бакай кеп айтат:
Аңдаңар балдар деп айтат.
Отуз төрт быйыл жашым деп,
Оң-солду көргөн башым деп,
Ар жылгага миң киши
Өрдөп чыгып калсын деп,
Беш-алты миң кол барып
Тоонун башын алсын деп,
Тосоту болсо тостуруп
Таш кулатып салсын деп,
Тоо башында кол болсо
Тарсылдатып атышып
Талкалашып калсын деп.
Так ушундай кылбастан
Капчыгайга кокустан,
Каптап кирсек окустан
Тосоту тоосун албайбы,
Таш кулатып, ок атса,
Талкалап кырып салбайбы,
Аны айтып Бакай салганы,
Акылын өзүң тапкын деп
Эр Манас кабыл алганы.
Артуу белге салайын,
Аскерди арбын алайын,
Не да болсо береги
Күн батыш көздөй барайын.
Асты-үстү болгон тоо экен,
Адыры терең коо экен,
Акылын кылып а жерден,
Колдой көр деп Шаймерден,
Жүз элүү миң кол менен
Жүрдү Манас шартылдап
Ач кайкалак жол менен.
Кырк миң аскер кол менен
Кыраан Бакай жөнөлдү
Тилке-тилке коо жакка,
Капчал бийик зоо жакка.
Кырк миң кол батпай кыжылдап,
Кыр-кырга батпай быжылдап
Күн чыгыш жаккы тоосуна,
Көз учкан бийик зоосуна.
Чыкканы тоонун башы экен,
Чылгый мөңгү, таш экен.
Эңгүүсүндө эчки бар,
Тектиринде теке бар,
Курбусунда кулжа бар,
Кайыптын баары мында бар.

