Аны салды жолуна,
Он алты миң аскерди
Ордодон берди колуна.
Шамың шаа жүрдү жолуна,
Бооң менен Жайсаңды
Эки миң аскер кол менен
Кошуп алып жанына.
Аларды таштап салыңар,
Арстан Манас каныңар,
Алда эмне сөзү бар
Кабарын угуп алыңар.
Ак асаба туу менен,
Айгайлаган чуу менен.
Кок асаба туу менен,
Көк жаңырган чуу менен,
Добул согуп күңгүрлөп,
Тоо көчкөндөй дүңгүрлөп,
Сел жүргөндөй күркүрөп
Өрт күйгөндөй дүркүрөп
Эркин күңгөй жол менен,
Эки жүз миң кол менен
Эр Манас жолго салыптыр.
Төрө Манас зору бар,
Жөөлөшкөндүн шору бар,
Төрт бөлүнгөн жолу бар.
Он эки жолдун ортосу,
Тогуз жолдун тоому,
Кароолчусу капырдын
Кантип болбой койсун деп
Канкор Манас кообу,
Карайлык деп тоону
Алты жолдош алыптыр,
Аттанып чалгын чалыптыр
Адыр-адыр коосу бар,
Ар тарабын караса
Аркайган бийик тоосу бар.
Кызыл-Омпол дөбөсү,
Кароолго чыгып келгени
Кызыталак капырдын
Шамың шаа деген төрөсү.
Кашына жолдош алганы
Кызыл-Сууну жердеген,
Кылымдан аяр жеңбеген
Бооң деген эр деген.
Дөбөдөн көзүн салыптыр,
Дүрбү салып көзүнө
Аскерди көрүп алыптыр.