Жетинчи болуп жүгүрүп,
Жээрендей шаңы бүгүлүп,
Токотойдун Тору аты,
Тоорулчу эрдин канаты,
Тору ат келип калыптыр.
Кез келем кандай кызга деп
Келип кирсе Токотой
Бурунас турган буралып,
Муну көрүп Токобек
Муңу чыгып кубанып.
Сегизинчи ат болуп,
Чалыбай келди шат болуп,
Чаар аттын мойну тер болуп,
Чаалыгып келип бу турду
Чапканы алыс жер болуп.
Серпилип үйгө кириптир,
Сейилсам кызды көрүптүр.
Тогузунчу Чубагы,
Кандай мага кез келет,
Апкаарып келген бу дагы,
Сейилканга кез келип,
Тердеп турду бу дагы.
Онунчу болуп Калкаман,
Кара аты жетип аркадан,
Ташбүбүгө кезигип,
Таалайы артык кандай жан.
Он биринчи Чалиги,
Темгил кызыл аты бар,
Пери уулундай заты бар,
Тепең уруп каркыбар,
Чалигиң келди сүйүнө,
Санамкан кыздын үйүнө.
Боркара менен болкулдап,
Желүүгө келбей солкулдап,
Бообек келген артынан,
Минген атын чабышып
Бир-бир кыздын дартынан.
Он экинчи болгондо
Азелканга ал келди.
Аркасынан удаалаш
Атайдын аты Карабоз
Аркардай чурап да келди.
Маарамбүбү кыз экен,
Акылмандын өзү экен,
Атайга келген кези экен.
Он төрт болуп илинди,
Шаабектин аты Шалпаңкөк
Күлүктүгү билинди,
Барган бойдок Шалпаңкөк
Балкыяга илинди.