Тандоону койду эркекке,
Эркектер калды эмгекке.
Кыз тандасын, тийсин деп,
Кызык болгон бу бир кеп!
Кырк баатырдын баарысы,
Кыргыл, Бакай карысы
Кысталышып турушту,
Кылым журттан ким көргөн
Кызык мындай жумушту.
Анда Манас кеп айтат:
Ай, баатырлар, деп айтат.
Тандатып кызга жүргөнчө
Тамаша болсун дүрбөөнгө
Талаага чыгып баралык,
Жарышып келип калалык,
Таалайыңа кандай кыз,
Так ошону алалык.
Баатырлар ушу кандай деп
Манас айткан бу бир кеп,
Кыргыз менен кыйбасы
Кызык болсун шондой деп
Макул көрдү кыйласы.
Кырк бир баатыр баарысы
Талаага чыгып жарышып,
Кыйла жерге барышып,
Кырка туруп алышып,
Тартты кайра шол жерден
Жаш баладай жарышып.
Чаң артында буркурап,
Чабуулдашып чуркурап
Кырк баатыр жолго салыптыр,
Алмамбеттин Сарала ат
Астына чыгып алыптыр,
Артынан Бакай барыптыр,
Андан кийин эр Сыргак
Өтүп кетип калыптыр.
Өкүрөң албай чоң Кула
Өксүп өзү калыптыр,
Өзү кылган ишине
Өкүнүчтүү болуп барыптыр.
Кырк баатырдын баарысы
Кыздан кандай тиет деп
Кысталышып барышты.
Сарала чурап тез келип,
Сандыргалуу Алмамбет
Эң мурунку тигилген
Аруукенин үйүнө
Алмамбет баатыр кез келип.