Маматбек кызы Маарамкан,
Акылы жетик Албүбү,
Карабек кызы Калбүбү,
Букарлык кызы Мунускан,
Сонунбүбү, Бурмажан,
Талапбүбү, Арышкан,
Талабы артык кандай жан?!
Тилекке кызы Көгүчкөн,
Тигилген адам көрүштөн,
Удайчы кызы Чынайткан,
Үркөрбүбү, Жанымжан,
Миңбайдын кызы Акчабак,
Кейиппай кызы Серсабай,
Тал чыбыктай Талбаарам,
Санарбүбү, Айымжан,
Начарбүбү, Калемкаш,
Аталары журтка баш.
Дилде, Буруш, Сулайка,
Тигилер адам буларга!
Түлөөбийдин Өкүмкан,
Акылдын кызы Айымжан,
Турна моюн Турсунай,
Батмабүбү, Шынгынай,
Нөөмөттөшүп бир-бирден
Үйгө кирди жайма-жай.
Уругу калың кыргыздан
Улуусу экен Бакай кан,
Жашы келген отуз беш,
Жардап турду ошол кез.
Отуз төрттө Кыргылы,
Ойротту жеңген дыңгылы,
Кырк баатырдын баарысы,
Кыргыл, Бакай карысы,
Күлдүрдүн уулу Чалыбай,
Күлдүргүчү Ажыбай,
Кыргыздан кыраан Кутунай,
Каратоко Мажиги,
Камбар уулу Чалиги,
Саргыл аттуу Сатайы,
Алчындардын Атайы,
Үйшүндөрдүн Үмөтү,
Үч тамганын Жайсаңы,
Аргын Каракожосу,
Арстан эрге кошосу,
Бообек, Шаабек, Шүкүрү,
Албандардын Алтайы,
Дөрбөндөрдүн Төртайы,
Төлгөчү кара Төлөгү —
Төлгөсү журттан бөлөгү,
Агыдай далы көрүүчү —
Ашкере айтып берүүчү,
Той башкарар Токотой,
Калк башкарар Калкаман,
Эл байлээри Элеман,
Серек менен Сыргагы —
Серпишкен жоого чыйрагы,
Коңгуроо уулу Кошабыш,
Кош текшерер эр Ыбыш.