Сырттаның Манас барында
Кыргыздын кыйла доору бар.
Айчыгы алтын, найы жез
Алтымыш төрт сурнайчы
Азыр болгон ошол кез.
Чымылдык кылган камышы,
Беш таш жерге угулуп
Безилдеген дабышы,
Элүү болгон өнөрпоз.
Туу көтөрбөй бүктөшүп,
Тулпарга кошун жүктөшүп,
Туура сөздүү кай бирөө
Бирин-бири шүк дешип.
Аңгеме сөзүн аңдашып,
Акылы бар жигиттер
Насиятын угууга
Ак сакалын жандашып,
Кыргыздын көпчүлүгүн көр —
Кырк үйдөн бир кой чыгарып,
Отуз миң кой айдашып,
Нардан жүзүн жетелеп
Ата уулунун башчысы
Айдатып малын чекелеп.
Айрыдан эки жүз алып,
Атарга мылтык түз алып,
Үч миң жылкы айдатып,
Бара турган жолунун
Астын-үстүн жайнатып,
Токсон бээ союшуп,
Тогуз байтал бир бөлөк,
Соё турган тою ушу.
Көкөтөй баатыр канына
Жакыптын кошуп жанына,
Мал башкарчу сен бол деп
Баймырза, Жанай баарына,
Бара жатыр көй баатыр
Атемир кандын шаарына:
Керней тартып бапылдап,
Дап согулуп дапылдап,
Сурнайдын үнү такылдап,
Чилмардан кагып шакылдап,
Көпчүлүктүн баарысы
Көчкөн көчтөй калкылдап,
Асты, артына көз жетпей
Бара жатыр закымдап,
Кейип шаар кайда деп
Жеттикпи деп жакындап.