Атемир баштап каны бар.
Аяк-башы баарысы,
Жашы менен карысы
Алтымыш миң саны бар.
Ээ болбоду малына,
Эмгек түштү бу күндө
Эл-журтунун баарына.
Батпай кетти келген мал
Кейип-Бадаң шаарына.
Малы менен алышып,
Балакетке калышып,
Баатырыңды байкабай
Кошко таштап салышып.
Кырмызыдан чатырын
Кыдырата тигишип,
Союшу бөлөк өзүндө,
Кыйгач калпак, кызыл шым,
Бир-биринин кошуна
Кызматкерлер киришип,
Үйүндө жүргөн немедей,
Үлпөттөрү кебелбей,
Талаадагы, үйдөгү,
Так ошондой жүргөнү.
Сандыргалуу Манаска
Атемирдин адамы
Астына келбей сүрдөдү.
Арадан бир түн өтүптүр,
Мал-пул менен алышып
Атемир билбей кетиптир.
Экинчиси түнүндө
Эр Манас баатыр нетиптир?
Атемир кандай кан деди,
Адамды адам билбеген
Ант ургур кандай жан деди.
Акылга дыйкан, жатык сөз
Ажыбай баатыр бар деди,
Аземдеген бейбагын
Аныктап билип ал деди.
Жайын көрүп, борумун,
Жата турган орунун,
Жакып бай айткан сонунун
Аныктап көрүп кел деди,
Кыз кайтарган сакчыга
Ак жамбыдан бер деди,
Барар жолду тазалап
Макул кылып кел деди.