Эшик багар канчаны,
Эки кызды-калчаны
Бойлоп кирген сен кимсиң?
Эркек кадам койбогон
Эшиги ачык ак сарай
Жойлоп кирген сен кимсиң?
Ойлонбостон иш кылып
Жандан кечкен сен кимсиң?
Алтын барда көшөгө,
Боосун чечкен сен кимсиң?
Жаткан Рабийгага
Колду салган сен кимсиң?
Ажал өлүм акыбат
Мойнуңа алган сен кимсиң?
Уруксатсыз бу жерге
Келип турган сен кимсиң?
Тарткын азыр колуңду,
Тапкын азыр жолуңду
Ажал жетпей эртерээк
Айта койгун жообуңду?!
Катуу айтып какылдап,
Кан баласы шакылдап,
Желдет-мыршап жетсе деп,
Жер куруткан бу кыргыз
Калабасыз кетсе деп
Санирабийга сурады,
Жай айтпай төрөң турабы.
Атаңызга мал берип,
Айры менен нар берип,
Алтын, күмүш зар берип,
Атың Рабийга деп
Алганы келген мен Манас!
Ашепке артык сөз айтсаң
Акыр заман башыңа
Алганы келген мен Манас!
Карк алтынды үрөөндөй
Чачып келген мен Манас,
Караңгы түгүл күндүздө
Кадам койбос капканды
Ачып келген мен Манас!
Алтындуу бокчо оромол
Чечип келген мен Манас,
Ат бойлобос кара көл
Кечип келген мен Манас!
Каркылдатпай казыңды,
Шарпылдатпай сазыңды,
Кукулдатпай кууларды,
Куп окшотуп буларды
Бугуп келген мен Манас,
Санирабийга деп
Салтанатың, атыңды
Угуп келген мен Манас!