Алтын капка ордонун,
Атакеңдин коргонун
Ачып кирген мен Манас,
Калча кызды жалтантып
Өтүп келген мен Манас!
Бата аякка мал берип
Сөзү келген мен Манас,
Баркымды билер жарым деп,
Өзү келген мен Манас!
Ортосу жыпар бардаңды
Беттен алган мен Манас,
Ак чүчтөдөн көйнөгүң
Эттен алган мен Манас!
Рабийга кеп айтат,
Ынтыкпаңыз деп айтат.
Аңда сөздүн соңуна,
Алганда барам колуңа,
Азыр не үчүн көнбөйсүң
Айтып турган жообума.
Асыласың келип тим,
Аты-жөнүң, өзүң ким?
Жайыңды айтчы өзүңдүн,
Жалыны чыгат көзүңдүн.
Атым Манас, кыргыздан
Бар кудайым башыма
Бакты дөөлөт тургузган,
Талабыма жете албай
Тайды бактым бир кыздан.
Көжөлсөң бирди көрдүң деп,
Катаасы жок өлдүң деп,
Каарданып күүлөнүп,
Кайраты ташып сүйлөнүп,
Кыздан көрдү кыйынды.
Каарданып бул Манас
Кайраты бойго жыйылды.
Кыз кыйындап кеп айтат:
Кыргызда Манас сен болсоң
Кыйбада Рабийгамын,
Кыйылып кетер жаның деп,
Төгүлөр бекен каның деп,
Башка жан деп көрөмбү,
Аты Манас экен деп
Айтканыңа көнөмбү?
Нөкөрүм аты да Манас,
Жөкөрүм аты да Манас.
Бакарчым аты да Манас,
Бакалчым аты да Манас.