МАНАСТЫН КҮЙӨӨЛӨП БАРГАНЫ
Малчымдын аты да Манас,
Басып жүргөн кызматкер
Жалчымдын аты да Манас.
Башымды кантип көмөйүн,
Аты Манас экен деп
Айтканга кантип көнөйүн.
Атамдын үйүн булгабай
Азыр кетип жөнөгүн!
Азыр чыгып кетпесең
Анык сенин өлөрүң!
Айтып аны кан кызы,
Атемирдин жалгызы
Алды канжар колуна,
Ачуусу келди Манастын,
Кара жанын байлады
Кас ажалдын жолуна,
Кан баласын бир муштап
Канжар туткан колуна.
Муштаарын билип ошо кыз
Бурулуп бетин буруптур,
Муштаймын деп бу кызды
Канжарга колун уруптур.
Билекке канжар тийиптир,
Билектеги көк тамыр
Канжардын учу чийиптир,
Чийдей кызыл кан атып
Шыркырап агып сийиптир.
Канжар тийип сол колу
Каңкордун сонун болгону.
Санирабийганы
Көөдөнгө Манас тепкени,
Рабийга сулуу кыз
Көмөлөнүп кеткени.
Баатыр Манас бабаңдын
Баатырлыгы эмей неткени,
Басып чыгып кеткени.
Алиги көргөн кан кызы
Атемирдин жалгызы
Атасынын төрүндө
Абыдан жеди таякты,
Ал жерде башын үзмөкчү,
Ажар, көркүн, турпатын,
Тартып көрүп сымбатын
Арстан Манас аяды.
Беш кабырга кыйрады,
Бетин басып ыйлады,
Манас басып чыкканча
Жеңине каны сыйбады.
Айбаттанып кырданып,
Ачууланып сурданып
Арстан барды кошуна,
Аскеринин кашына.

