МАНАСТЫН КҮЙӨӨЛӨП БАРГАНЫ
Сырттан Манас баатырың
Каарланып ар кандай,
Кандай бу деп кордугу,
Азыр толуп ташты го
Атемирдин зордугу.
Кызыталак Атемир
Кызына кошуп бир жолу
Кыярмын кызыл жаныңды,
Кырылбаса кыргызым
Кыйратармын баарыңды!
Айбатын салып ал үйдө
Арстандай кеңгиреп,
Акылы кетип зеңгиреп,
Заары чыгып жүзүнөн,
Каары чыгып түсүнөн
Олтурган бойдон калды тим,
Эки күнү, эки түн
Тамак татпай, жан көрбөй
Олтуруп калды бүпбүтүн.
Кырк баатырдын бирөөбү
Кылайын келип тил албай,
Кыз менен кызык көрдү деп,
Тынгандыр эми көөнү деп,
Кыйналган сырын биле албай
Бейкабар калган баарысы.
Караламан кыргызды
Кандан артык багышты.
Кабылан эрдин каарына,
Катындар батпай заарына,
Кырк элүүсү жыйылып,
Капия деген катынга
Каттагын деп сыйынып,
Катындар келди асылып,
Капиянын кайраты
Кара бойдон ашынып,
Көрмөк үчүн күйөөнү,
Арт жагынан ээрчитип
Жолдош кылып бирөөнү
Каалгасын ача салыптыр,
Каарданып турган баатырдын
Ыраңын көрүп алыптыр,
Энеке деп жыгылып
Эс-акылдан таныптыр,
Кайра качып жолдошу
Катындарга барыптыр:
Как желмогуз өзү экен,
Кантип тиет боо кыз деп
Катынга кабар салыптыр.

