МАНАСТЫН КҮЙӨӨЛӨП БАРГАНЫ
Бу сөздү айтып эр Бакай,
Мыршаптар бар бир далай,
Бастырып жолго салганы,
Кан ордосу капкага
Кара кыргыз барганы.
Капкадан кирип ат байлап,
Ат байласа бат байлап,
Чакырып алып бир желдет
Күйөөңөр кайсы үйдө деп,
Көргөнүңдү сүйлө деп,
Абаң Бакай сурады,
Алиги жигит токтолуп
Аңырайып турады.
Билбедим деп күйөөнү,
Күйөө жактан кеп кылган
Көрбөдүм деп бирөөнү
Берди жигит жоопту.
Бекайбат салган бир сарай,
Салтанаты бир далай,
Ол сарайга кирүүгө
Бакайдын көөнү ооптур.
Кырк баатырдын баары бар,
Астында Бакай кары бар.
Салам айтып кириптир,
Кирген жерде Бакайды
Төрдөн туруп төрөңүз
Көмө түртүп ийиптир.
Артында Кыргыл туруптур,
Кыргылды алып бөрүктөй
Алмамбетти уруптур.
Артында Сыргак туруптур,
Сыргакты алып көтөрүп
Ажыбайды уруптур.
Жанаша Серек туруптур,
Куп көтөрүп Серегин
Кутубийин уруптур.
Алиги Серек жыгылган
Арстан эрдин артынан
Асылыша туруптур:
Ачууга сабыр кылбаган
Акылың тайыз кем белең?
Ачуулана тургандай
Алуучу жарың мен белем?
Кайратыңа жөндөп кел,
Калың берип, мал чачкан
Катының беле мындагы эл?
Кыздан талап кыласың,
Кыз келбейт деп кашыма
Кыргызды кандай кырасың?

