МАНАСТЫН КҮЙӨӨЛӨП БАРГАНЫ
Кылайып көргөн бир жан жок,
Кыйын ишке калыптыр.
Ачка таштап, кыз барбай,
Кыз барат деп биз барбай,
Кыйыгына калыппыз,
Кылымга түйшүк салыппыз.
Аргасын таппай алдырап,
Айнектей көзү жалдырап,
А дегенче кырк баатыр
Аткан мылтык дабырап.
Казын атты учурбай,
Каары катуу ушундай.
Учканынан куу атып,
Көрүнгөндүн баарысын
Уу ичкендей сулатып.
Үрүп чыккан ит койбой,
Наабайчынын дандырын
Талкалай чаап түк койбой.
Жебенин огу кыркырап,
Жазайыл огу зыркырап,
Чаң обого буркурап,
Кыргыздан чыккан кырк баатыр
Кыйраткан бойдон келатыр.
Аны көрүп Акмама
Санирабийга балага:
Айтпадым беле мен сага,
Азыр кирип кеткен соң
Ажалга деди не даба.
Атаңды ала кылдың деп,
Адамдын баарын кырдың деп,
Астыңа салып барчаны,
Атемир баштап паашаны
Анан жанын тындың деп
Ачууланып барганы.
Ажарын салып Саани кыз
Апасына карады.
Канеткенде коёмуң
Калктын баарын сойдуруп,
Каршы чыгып астынан
Кайтарармын койдуруп.
Капа болбо, эне деп,
Кара кыргыз канына,
Никесине кирүүгө
Барайын деп жанына.
Кыларын мурда аңдаган,
Кызыл-тазыл кийинтип
Кыздарды мунуң камдаган.

