Куда болуп кутуруп
Барган кыргыз мол экен,
Аяк-башы баарысы
Алтымыш миң кол экен.
Ар тараптан туюнуп,
Асманга чаңы бурулуп,
Бейкут жаткан Кыйбаны,
Бейкүнөө уруп кыйланы,
Айбатын көргөн алардын
Бет-бетинен кыйрады.
Атемир калган бейкабар,
Астын-үстүн кылды деп,
Аскер менен күйөөңүз
Адамдын баарын кырды деп
Айтып кабар салыптыр,
Аны уккан соң Атемир
Айран-азыр калыптыр.
Кайда кеттиң бектер деп
Ойбойду каны салыптыр,
Окту кардай жаадырып
Ордого жакын калыптыр,
Айласын таппай Атемир
Апкаарып өзү алыптыр.
Абдыкалык, Түлөөбек:
Алганы жатып колукту,
Азапка бул эл жолукту,
Ант ургур кандай күйөө деп,
Жамандык кылып, жайлабай
Таштаганбы бирөө деп,
Акылбайыс кеп сурап:
Күйөө күткөн ким эле,
Күлдү журттун баарысын
Күм-жам кылып тим эле
Ачуусу неден келди деп,
Аны күткөн адамдар
Алда эмне деди экен,
Аңдаңар, ылдам сура деп,
Атырылып чура деп,
Амандык бербес булар деп
Катынга кабар салыптыр,
Каттаган катын жок экен,
Кабарын билген жан жок деп
Кайтып келип калыптыр.
Кыздардан барган бекен деп,
Кыйкырып сүйлөп бекемдеп,
Акылбайыс, Түлөөбек
Аш бышырып, нан коюп
Барган бекен бирөө деп
Кыздардан кабар алыптыр.