МАНАСТЫН КҮЙӨӨЛӨП БАРГАНЫ
Капия жүзүн көрдү деп,
Көмүлүп калсын көрбөсө,
Как ошо жерде өлдү деп,
Айтып барды бу катын,
Ашып-шашып катынга
Кайтып барды бу катын.
Катындын баары селейип,
Эстери чыгып элейип,
Эмне дейсиң, бейбак деп
Эки-үчөө жүгүрүп,
Энтелешип бүгүлүп,
Капияны көрүптүр,
Эси чыгып Капия
Эшигинде өлүптүр.
Өлдү деп катын чочушуп,
Дүрбөй түшүп жоошушуп,
Капиянын башыны
Көтөрдү жерден өзүнү,
Көтөргөндө Капия
Араң ачты көзүнү.
(Мурунтадан укканбыз
Мындай шумдук сөзүңү).
Алты катын жөлөшүп,
Санирабийгага
Араң барды жөнөшүп.
Эси чыгып Манастан
Талыганын билиптир,
Салтанаты артык Саани кыз
Көрбөгөн экен эрди деп,
Көөнүңө алгын эми деп
Саани кыз шак-шак күлүптүр.
Аны таштап салыңар,
Арстан Манас баатырдын
Алда кандай сөзү бар
Кабарын угуп алыңар.
Каарданып бир үйдө
Олтурган Манас каныңыз,
Учурашып келүүнү
Ойлогон Бакай карыңыз.
Чакырды Бакай баарыны,
Башчысы Кыргыл карыны:
Эр Манаска баралык,
Келин-кесек, кыз-кыркын
Олтургандыр ойношуп,
Эшиктен кабар салалык.
Амандашып көрөбүз,
Айтканы болсо көнөрбүз,
Жатса көөнү жайланып
Жайын көрүп жөнөрбүз.

