Барган заман баатыры
Балакет кылды акыры
Баштан кетип жоголду
Карылардын акылы.
Камаганы табылды,
Урушка какчуу добулбас
Ушу бүгүн кагылды,
Сансып жаткан көп кошун
Атты көздөй жабылды.
Абыр-шабыр ат минип,
Ат минсе да бат минип,
Калаага койду чабуулду.
Мылтыктуу мылтык октоду,
Мылтыкка милте чоктоду.
Саадактуу жаасын октоду,
Каптай түшүп калаага
Калың аскер токтоду.
Карыялар каркылдап,
Бай Жакып менен Көкөтөй
Бадиректер токто деп
Айгай салды баркылдап.
Карысынан өтө албай,
Калаасын каптап кете албай
Каз катар тартып көй баатыр,
Каршы алдынан караса
Алтымыш ат тартуу алып
Атемир чыгып келатыр.
Атемирден өтө албай,
Аламандап калаага
Каптап кирип кете албай
Кара кыргыз токтоду,
Ал аскерди Атемир
Азыр келип жоктоду.
Кыз берем деп кысылып
Калган экен домокко,
Каны көрүп, башкарып,
Бөлүп алды конокко:
Кырк чоронун баарысын,
Кыргыл, Бакай карысын.
Конок алды бектери,
Уккандарга бул экен
Баштап алып Манасты
Кан ордого кеткени.
Баштап келди Манасты,
Кырк чорону талашты,
Бизге мейман сиз бол деп
Бөлүп алып тарашты.
Бөлөк бөлмө бир үйгө
Тургузган экен Манасты.