МАНАСТЫН КҮЙӨӨЛӨП БАРГАНЫ
Манас Каныкейге үйлөнгөндөн кийин көп убак өтпөй эле Оогандын каны Түлкү деген катаган менен тейиттерди талап, көп кордуктар көргөзөт. Кошойдун баласы Аликени өлтүрүп кетишет. Катагандар менен тейиттердин өтүнүчү боюнча Манас аларга жардамга аттанат. Манас талаадан көчкө жолугат. Алар Манастын кабарын угуп келе жатышкан Үсөндүн (Көзкамандын) балдарынын көчү экен. Оогандыктар менен согушта алар көп зыянга учурашат, Түлкүнүн иниси Акун колго түшөт. Акундун сунушу боюнча уруш токтоп, эки эл жарашып тынышат. Түлкүнүн ордуна кан болгон Акун менен Манас достошуп, бел куда болушат. Көкөтөйдүн уулу Бокмурун Түлкүнүн кызы Канышайды жактырып калып, Манас куда түшөт.
Манастар ал жакта жүргөндө Көзкамандардын көчү келет. Каныкей кадырлап тосуп алат. Көзкамандар калмакча өсүп, адат-салты калмакча болуп калыптыр. Манас элине кайтып, жаңы келген туугандарынын урматына той берет. Көзкамандын балдары Манасты жок кылып, элдин сурагын өз колубузга алалы деп кеңешишет.
Көзкамандардын түрү жаман, акыры душмандык кылышар деп Каныкей эскертсе Манас аны жаман көрөт. Манас элин чогултуп кыргыздардын жер ортосу экен, Таласка көчөйүн деп кеңеш салат. Эл туура табат. Ошол кеңеште Байжигит мен Алтайга кайра көчөм, уруксат бергиле деп элге кайрылат. Эл макул болот. Байжигит ажыраш аяк берүү үчүн той өткөрмөк болуп камданат. Ногойдун бир тууганы Шыгайдын уулу Жапак деген болот. Кыргыздарды кытайлар бөлүп таратканда Шыгай Алай тарапка сүрүлүп, анын уулу Жапак Алоокенин Коңурбайы менен бирге өскөн экен. Жапак Байжигиттин тоюна Коңурбай камданып келсин, мен жардам берем, экөөлөп Манасты жайлайбыз деп Алымбеке дегенин Коңурбайга жиберет. Ал барса Коңурбай үйүндө жок экен. Алооке Алымбекенин сөзүн угуп, Жапакты шылдыңдап күлөт да, азыр Манаска алы жетпейт, Жапак тынч жатсын, андан көрөк барып кытайды чаап алалы деп Манасты азгырсын.
Эли-жеринен узап чыгып, кытайлардын жерине барганда гана Жапак ичинен чыкса, Коңурбай сыртынан беттешсе балким экөөлөп Манасты жеңер дейт. Байжигиттин тою башталат. Тойго Манас да келет. Манаска баш ийбей элдин көзүнө көрүнүп коймокчу болгон Жапак, тойдо чатак чыгарып, Көкчөкөз (Көзкамандын улуу уулу) колдуу болуп өлөт. Той тарап, Манас Таласка көчөт.
Ат-Башыга көчүп барып жайланышкан Көзкамандын балдары кеңешип, Манаска уу берип өлтүрүү үчүн атайын конокко чакырышат. Үсөн Манастарды конок кылат. Эртеси биздикине барып түштөнө кеткиле деп Көкчөкөз чакырат. Алмамбет андан шекшийт. Бирок, кимге алы жетмек эле деп ойлоп тим болот. Үсөн кары Манастар аттанарда аларга кымызга кошуп ууга каршы дары ичирет. Көкчөкөздүкүнө бара жаткан жолдо Мендибай жолугуп Тазбаймат менен Бозуулга сак болгула, берген тамактарын ичпегиле дейт. Ал экөө жана ууга чыгып кетишкен Серек менен Сыргактан башкасы бүт ууланып калышат. Улам эси ооп кетип, кайра башын көтөрүп араң турган Манаска даап кол сала албай ыкыс берип турган Көкчөкөзгө Көзкамандын балдарынын бири: эми болору болду, шашпай эле коё турбайсыңарбы десе ал ачууланып, алар эки жаат болуп мушташып калышат. Бул тополоңдон пайдаланган Бозуул Манасты качырат.
Көкчөкөз артынан кууп, Сөөк деген жердеги тар кыядан жетип, Аккелте менен атат. Жарадар болгон Манас зоодон кулап кетет. Көкчөкөз аны өлтүрдүм деп ойлоп кайра тартат. Кырк чорону Кызыр учуруп, Тогуз-Тородогу бир жерге алып барып салат. Көкчөкөз элин дүрбөтүп, көчүп калышат. Ууга кеткен Серек менен Сыргак келе жатышып, жылкы айдаган баладан болгон окуяны угушат да, Манас качып кеткен жакка бет алып издеп жөнөшөт. Манасты таап, эс алдырып, дары беришет. Каныкей түшүндө Манасты кочкор сүзгөнүн көрүп, чочулайт да камдана баштайт: мурдатан камдап жүргөн жашырын үңкүрүнө дүнүйөлөрүн катат. Үңкүрдүн оозун бекиткенде байкоостон Бакай ичинде калат.
Көкчөкөз айылы менен Таласка көчүп келип, элди чогултуп, Мазаке дегенине Манас өлдү деп жар чакырттырат. Эл ишенбей, Мазакени шылдыңдап күлөт (ушундан кийин «Мазаке кылбачы»деген кеп калган экен).
Көкчөкөз мага тийсин деп Каныкейге киши жиберет. Каныкей барган адамдарды (Мендибай менен Мазаке) кууп жиберет. Көкчөкөз Манастын айлын чаап, үй-бүлөсүн, жакындарын тентитет. Каныкейди короо кайтартып, эч ким тамак бербесин деп буйрук кылат. Манас, Серек, Сыргак кырк жигитти таап алышып, баары эсен-соо айыгышып, элге жөнөшөт. Көкчөкөз эл чогултуп, Манастын дүйнөсүн бөлүп, аялдарын алабыз деп камданып жатканда Манастар келип калышат. Манастардын келе жаткан кабарын уккан Көзкамандын балдары бирин-бири бычактап баары өлүп тынышат. Ушундан кийин эл арасында “Көзкамандарча бычакташкан туугандар» деген сөз калган экен».

