МАНАСТЫН КҮЙӨӨЛӨП БАРГАНЫ
Ачка калды, таң атып,
Арууке элди жадатып.
Ачууланып эр Манас,
Ачууланып күүлөнүп,
Атырылып сүйлөнүп:
Атемирдин мазагы,
Абыдан өттү азабы.
Кыярды жыйып кызым деп,
Аярды жыйып аял деп
Алдап жүрүш кандай кеп?
Балааны жыйып балам деп
Басып жүрүш кандай кеп?
Кайыпты жыйып карам деп
Карап жүрүш кандай кеп?
Баарын таштап кыздардын,
Башыма түшкөн соң мүшкүл
Башкадан кыз издээрге
Оюма келип оолуктум,
Оюн-чынын билбеймин.
Оёндорум жакпаган
Олуяга жолуктум.
Кыз албасам кечейин,
Кыйба деп жүрүп нетейин,
Кырып таштап кетейин.
Таштап салып кетем деп,
Алмамбет куру калган соң
Алып катын нетем деп,
Ачууланып бекемдеп,
Карабөрк менен Акылай,
Кара Кыйба кыздары
Катынымдан булардын
Кай жери артык экен деп
Каарын баатыр салыптыр.
Кан Жакып баштап карысы,
Акбалта менен Бирдике,
Аксакалдар барышты
Агала сакал Ошпурбай,
Байжигит менен Акымбек,
Манаска балаа болду деп
Кыргыздын келди карысы.
Кыраан эрдин аз калган
Кыйкырып добул кагышы,
Кыйкырып добул бир какса
Кырк баатырдын белгилүү
Кыямат кайым салышы.
Кылаарын угуп кыраандын
Кыйба тажик барышты,
Кылыксынбай турбай деп
Кыздарын жемеге алышты.

