МАНАСТЫН КҮЙӨӨЛӨП БАРГАНЫ
Аземдеген сарай бар,
Баары жердин топосу,
Сарайга топо жетмеги
Санап турсаң далай бар.
Албайсыңбы ибарат
Чыгып турган мистеден,
Тышы сөөк, ичи дан,
Көп топодон бөлүнүп
Сарай болгон бубир
Териси калып жеринде,
Мистеден чыккан бул бир дан,
Учтап турган Каканды
Урматы артык улук жан,
Өнөрү артык өзгөдөн
Айбаты артык азиз кан.
Калкым айтар ушак кеп:
Арууке качып адамга,
Кайыпты чанган кара бет,
Кыдырып жүрүп тийиптир
Кытайдан келген нааданга.
Намыс үч-үн тийбейм деп,
Арлыктан моюн ийбейм деп
Арууке сөзү басылды,
Андан келип Каныкей
Алмамбетке асылды.
Бериден эмес, кайыптан,
Сиркедей бузук жери жок
Бенделик ката айыптан.
Сулуулугу, сымбаты,
Кыз бүткөндүн кымбаты.
Өзү назик, жүзү нур,
Өз жайына тим коюп,
Азгана күн күтүп тур.
Аяшым сөздү оюңа ал,
Алдап-соолап боюн ал.
Антпесең кайып жоголор,
Аргасы кетсе оңолор.
Менден да артык акылы,
Берер көөнүн акыры.
Баарыбыздан ыраңдуу,
Балекеттүү кайып бу.
Кара бойдо кээри жок,
Кашыкка куйган кара суу,
Карагат көздүү, кан жүздүү,
Кашы кара, ай түстүү,
Теңшебей турат бу сизди,
Атасы кытай экен деп
Алек кылды бу бизди.
Келбетин бузуп кейитти,
Сүрөтүн бузуп сүйрөдү,
Сүйбөстүн кебин сүйлөдү.

