МАНАСТЫН КҮЙӨӨЛӨП БАРГАНЫ
Баш бурушум бекер деп,
Башта дагы бул өзү
Падышадан экен деп.
Кайыпты сүйбөй адамга
Кара башым жеткен деп,
Кадыр буюрган никеден
Кайсы жакка кетем деп.
Качсам кайып болормун,
Кайдан жүрүп оңормун.
Акыл ойлоп турганы,
Алмамбетке тиймекке
Азыр моюн сунганы.
Жети бөлмө ариби,
Аруукенин чын келди
Кадимкидей калыбы.
Карап турган канча жан
Сулуулугун көргөн соң
Суру кетип талыды.
Кандай кылсак каным деп,
Карыялар кашында,
Калк жыйылып айтты кеп.
Акылдашып барышты,
Аңгеме байрак көтөртүп
Тойду курап салышты.
Каныштын кыйла билери,
Казынага баргын деп
Төрт жүз катын жиберди,
Буулум *, канча бутаны *
Жыйнаган экен бу дагы,
Атилес менен шайыны,
Айтканда чыгар дайыны.
Машуроо менен барчаны,
Жыйган экен канчаны.
Кымкап менен дейилде,
Кыйбат баа булардан
Кыз чагында ойлонуп
Жыйнаган экен буларды,
Торгун*, буулум, тубарды,
Толтурган экен буларды.
Дүрдүн * деген бири бар,
Дүнүйөнүн кыйбатын
Атын билбей калганың
Так ушундан билип ал.
Доолон, соолон *, чүчтөнү,
Не кубулган түстөрү.
Санам * менен дүрүйө,
Сап жыйылган дүнүйө.
Бейкасамдан беш жүзү,
Бир-бирине окшобойт,
Баасы кыйын бул түсү.

