Бирден-бирден жөнөдү,
Бирин-бири көрбөдү.
Жекендос жерден алдырып,
Баяндос * мамык салдырып,
Атилес көрпө, ак мамык
Алда канча жыйдырып,
Манас кирген сарайдын
Кеңдигинен сыйдырып,
Боз үй тигет кыргыз деп
Бакчанын багын кыйдырып,
Шаарга кабар салдырып,
Акыр кылчуу устадан
Алтымыш ашык алдырып,
Тез курдуруп үй кылып,
Усталарды башкартып
Эки устаны бий кылып,
Жетимиш желдет чаптырып,
Эл байында элинен
Эме койбой чакырып,
Төрт жүз кийиз таптырып,
Түндүгүн кайың ийдирип,
Каалга менен босого
Канча түрлөп чийдирип,
Каалгага коюп сызыкты,
Карбаластап Атемир
Кан Манаста иши жок,
Карап көргүн кызыкты.
Катын-калач барды деп,
Кан күйөөнү кыз-келин
Кастарлап күтүп алды деп,
Карбаластап Атемир
Капарына албаптыр,
Ага кошо Акмама
Аңдап көзүн салбаптыр,
Айбатынан Манастын
Анча-мынча катын-кыз
Астына басып барбаптыр.
Көчүрүп кызым берем деп,
Ар жумушту башкарып,
Атемир жүрүп элеңдеп,
Манас менен иши жок,
Байкап көргөн киши жок.
Эрте күз экен күн ысык,
Эми болор чоң кызык.
Бөлмө сарай коргондо,
Бөтөнчө жакшы ордодо
Жалгыз кирген эр Манас
Кыз келет деп кымпыйып
Кыраан Манас зыңкыйып,
Жатты, турду, жан келбей,
Катын да жок, кыз да жок,
Каттап бирөө да келбей,
Кырк баатыры дагы жок,
Кыяк, комуз өнөрпоз
Кылчаюучу чагы жок.