Алтымыш нөкөр кашында,
Алтындан жыга башында,
Он алты жарым жашында,
Жез жыгадай майышып,
Жекенге буту чалышып,
Алтындан күрмө жаргытып,
Айдай жүзүн балкытып,
Мандили бүркөп тон менен,
Басып чыгып жол менен,
Беренжилүү * тондору,
Пери ургандай теңселип,
Көкүлдөр көздө сеңселип,
Жең билекке батпаган,
Жел жагына ким чыкса
Көз көрүм жерге буркурап
Жыпардын жыты каптаган,
Күрөөкө тондой жылт этип,
Күдөрү тондой былк этип,
Күкүктөй үнү шыңк этип,
Желбегей тонун жамынып,
Дандырлуу оттой камыгып,
Жез комуздай зыңк этип:
Барча тажик, Кыйба үчүн
Багыштадым башымды.
Бу дүйнөдөн көрбөдүм
Бул өңдөнгөн асылды.
Канчалык кылдым каталдык.
Мунун баарын батырды.
Бектерден бешөө кошулсун,
Мен барайын акыры,
Мен сөзүнү тоспосом
Кылчаюучу эме эмес
Кыргыздын Манас баатыры.
(Кылымга тиер пайдасы
Кыз Саанинин акылы).
Так ошо жерде токтотуп
Санап кырк кыз алыптыр,
Көзгө комсоо көпөңү
Көбүтоктоп калыптыр.
Жалаң короз сындуудан
Кыркын санап алыптыр,
Отоголуу сойлоктон
Ону кошо барыптыр.
Акылбайыс баш болуп,
Алты бегин ээрчитип,
Ак жоолук байлап желекке,
Азелдүү шербет аш куюп
Алтындан кылган челекке,
Каптап келген кошунга
Каршы келди бектери.