Үч нарына жүктөгөн
Кызыл дилде зар экен.
Садагага зар чачты,
Кудайы кылып алсын деп
Казынасын дагы ачты,
Кара мал, алтын, күмүшкө
Калктын башы адашты.
Кылдырган экен Атемир
Кыйладан бери бүлүнүп,
Кыраан Манас баатырдын
Кыйындыгы билинип,
Жошо кошпой сырдаган,
Шамал согуп, жел тийип
Ысыкка жакшы болот деп
Боз үй кылып чыңдаган,
Үзүктөрүн кылдаган,
Ууктарын учтаган,
Туурдуктун баарысын
Учуга * менен тыштаган,
Түндүгүн алтын чаптырган,
Зымдар боодон тактырган,
Кырк бир отоо үйүнү,
Чечилди кыздын түйүнү,
Кашар-Дөбө оюна,
Кара суунун боюна
Тигилди келин үйлөрү,
Үй башкарып тиктирген
Ата уулунун бийлери.
Келтирип үйдүн борумун,
Түзөтүп бүттү орунун,
Карап эми көрүп ал
Каныкей кылган сонунун:
Машаты килем салдырып,
Барча, буулум *, дүрүйө,
Баасы кыйын дүнүйө,
Мамыктан жаздык алдырып,
Атлес, шайы, тубардан
Алты жүз жууркан салдырып,
Арбын экен булардан —
Доолон *, чүчтө *, марадан *
Капырай, кайда койгон деп
Атемир баштап баары адам
Айран болуп караган,
Алтын чайдоос-даңкандан
Алтымышын алпарган.