Кырк жашаган катындай
Кыйбатты жыйган бир далай.
Такта коюп жүк жыймак
Так ошондон калыптыр,
Каныкей жүгүн жыйган деп
Кара кыргыз борумун
Так ошондон алыптыр.
Кары-жаштын баарысы
Каныкейге ыракмат
Арбын айтып салыптыр.
Кырка тиккен кырк үйү,
Кызмат кылды кырк бийи.
Кошо келген кырк нөкөр,
Кошулушун карап көр.
Астынын жашы он сегиз,
Он алты жарым аягы,
Ар кайсысы бир үйгө
Кыздар кирди деп тегиз:
Каныкейге жакын үй
Нааркүл орун алыптыр,
Ага катар бүр үйгө
Арууке кирип калыптыр.
Аруукеге жанаша,
Аңдасаң мындай тамаша,
Сыягүл кирип калыптыр,
Удаалаш кирди Улугат,
Ушуга катар Кыяпат,
Барды катар Батмасам,
Буга катар Бурунас,
Серпилип кирди Сейилсам,
Ага кирген удаалаш
Отор бий кызы Сейилкан.
Тал чыбыктай буралып
Түшбүбү кирди бир үйгө,
Салакасы башкача
Санамкан кирди бир үйгө.
Абылкасым кызы экен,
Азелкан деп аталган
Акылмандын өзү экен,
Атам тең деп токтобой
А да кирди бир үйгө.
Маарамбүбү, Балкыя
Бир-бир үйдөн киришти,
Бир-бир эркек тиерин
Айтпай-дебей билишти.
Кузабүбү, Тизекан,
Тизген бермет баштанган
Баары окшошкон кандай жан!?