МАНАСТЫН КҮЙӨӨЛӨП БАРГАНЫ
Аймандардан Алакен,
Арстан мажик бар экен.
Нойгуттардын Чубагы —
Оёндун бири бу дагы.
Казактардан Жоорунчу,
Кайгыл, Бөгөл, Тоорулчу,
Шыңгынын уулу Кербени,
Шыпты кашка Дөрбөнү,
Бөрү жолдуу Бөгөлү,
Каратүлөө Кабыке,
Жангер уулу Жабыке,
Алооке уулу Бооке,
Ырчыуул, Бозуул ыктуусу,
Эр Тазбаймат мыктуусу,
Кадыр жайнак — Шууту,
Түмөн жайнак куусу.
Кырк баатыр кырка туруптур.
Арбактуу элден кыз алып
Ал кезде кыргыз тунуптур.
Тойго какчу нагыра *
Атемир азыр чалдырды,
Ак сакалдуу улама,
Андан көрсөң буларга,
Алтымышын алдырды,
Никеге кутпа * окутуп,
Аалимдер сайын бир-бирден
Жылжыган жорго токутуп,
Бири күйөө, бири кыз,
Бири аштар, бири тыш,
Жаратканы алсын деп,
Жарашпаса которуп
Бир-бирине барсын деп.
Кааласа моюн сунсун деп,
Каалабаган эркеги
Катышпастан турсун деп.
Кыз тандасын бир күнү,
Кызыкпасын бир түнү,
Аңдасын жигит бир күнү,
Шашпаңар деп бир түнү.
Эрк берди кыздын өзүнө,
Эр жигиттер карап көр,
Эртегинин сөзүнө.

