МАНАСТЫН КҮЙӨӨЛӨП БАРГАНЫ
Жолукту деп кандай кыз
Жоо бөрүсү Алмамбет
Үйгө кирип барыптыр,
Үтүрөйгөн кара кыз
Алмаңды көрүп алыптыр.
Кытай деген ушу деп
Кыздардан угуп калыптыр,
Апсун окуп дем менен
Албарсты болуп алыптыр,
Үтүрөйгөн кара кыз,
Тирүү пенде карагыс,
Үйдө олтуруп калыптыр.
Артынан Бакай барыптыр,
Атын байлап эр Бакай
Нааркүлгө кез келди,
Көкчолок чурап тез келди,
Отуз беште Бакайга
Ойсураган сулуу кыз,
Оёндор сөзүн угуңуз!
Көкказыгын чуратып,
Көтүнөн чаңын буратып
Көсөм Сыргак барыптыр,
Саягүл сулуу зымпыйып,
Алгыр куштай кымпыйып,
Атка чаап аман келдиң деп,
Алда буйруп азелден
Аташканым менин деп.
Баатырлыгын билиптир,
Чаңын кагып бөркүнүн
Кызматын кыла кириптир.
Төртүнчүсү Ажыбай,
Карала ат чурап жетиптир,
Кан Ажыңыз нетиптир?
Кандай кыз экен үйдө деп
Ажы бий кирип кетиптир.
Урууда жок Улугат,
Урматтуу эрге жолугат.
Кутубийдин Акбакай,
Улаан күлүк бир далай,
Бешинчи болуп барыптыр,
Бери кызындай Кыяпат
Берген кудай муну деп
Бекке ылайык Кутунай
Бетине келип калыптыр.
Алтынчы болуп аркырап,
Маңдайы кашка жаркырап,
Мажиктин аты Керкашка,
Малдан шаңы бир башка,
Барган экен жүгүрүп,
Басып чыгып Батмасам
Алда кошкон жарым деп
Атын алды бүгүлүп.

