МАНАСТЫН КҮЙӨӨЛӨП БАРГАНЫ
Балкыя деген кыз экен,
Башкача сулуу өзү экен.
Он бешиңчи болгону
Кожонун аты Желтаман,
Кусабүбү бир кызга,
Келип калган кези экен.
Боокенин аты Алагер,
Кезегинде кыргыздар
Айнектей кыздан ала бер,
Тим турбастан Бооке
Тизеканга бара бер.
Он жетинчи барыптыр
Шүкүрдүн аты Алаяк,
Калбады Шүкүр жан аяп,
Маарамкан кызга барып бак.
Он сегизи Жайсаңы,
Ачбуудан аты бүгүлүп,
Албүбү кызга жүгүрүп,
Ачбуудан аты тез келди,
Албүбү кызга кез келди.
Он тогузу болгону
Албандардын Алтайы,
Аламойнок аты бар,
Калбүбүгө бет алып
Каршы келди каркыбар.
Жыйырманчы Жоорунчу,
Букарлык кызы Мунускан,
Бу да кыйла дурус жан.
Жоорунчунун Салкүрөң
Жыйырма болуп жетиптир,
Мунускандын үйүнө
Жоорунчу кирип кетиптир.
Жыйырма бири Төртайы,
Жыйылган элдин далайы,
Бир жеринде бөлөк жок,
Баарынын бирдей сарайы.
Төртайдын аты Салкүрөң,
Салкүрөң самсып барыптыр,
Сонобүбү кыз экен,
Тобунан чыккан уз экен.
Төртай көрүп кубанган,
Кара кыргыз балдары
Калбаган арман булардан.
Жыйырма экиси Төлөгү,
Төлөктүн аты Тоокара,
Бурмажан кыздын үйүнө
Буластап Төлөк жөнөдү.
Жыйырма үчүнчү Сереги,
Серектин аты Наркызыл
Талапбүбү үйүнө,
Сезбеген Серек жөнөдү.

