Жыйырма төртү Агыдай,
Агыдайдын Алакөк,
Ал кезекте кыргыздын
Аңгемеси андан көп.
Арышкан кыз туш болуп,
Агыдай көөнү куш болуп.
Жайнактын аты Чалаңкөк.
Жаадай учуп жетиптир,
Көгүчкөн кыздын үстүнө
Жалмаңдаган боюнча
Жайнак кирип кетиптир.
Түмөндүн аты Наркызыл
Түйүлгөн бойдон жетиптир
Чынаяткан кыздын үстүнө
Түшүп кирип кетиптир.
Жыйырма жети болгону
Кайгылдын аты Карагер,
Үркөрбүбү сулууга
Үстүнө кирип бара бер.
Бөгөлдүн аты Бөрүкөк,
Жүгүрүшү бир бөлөк,
Түтүндөй болуп барыптыр,
Жанымжан кыздын үйүнө
Түшүп кирип калыптыр.
Жыйырма тогуз болгону
Ырчынын аты Чабдарат,
Ыргыштап чурап бу барат,
Акчабак деген кыз көрүп
Андан бетер кубанат,
Акчабагын караса
Атилес кийип буралат.
Отузунчу Кербени,
Октору деген аты бар,
Серсабак кызга бет алып
Жетип келди каркыбар.
Отуз бири Дөрбөнү,
Дөрбөндүн аты Дөңкара,
Талмаарам кызды көргөнү.
Отуз эки Бөгөлү,
Отуз үчүн караса
Боз жигит аты жөнөдү.
Бөгөлдүн аты Бөрткула,
Санарбүбү кез келди
Бөрү жолдуу так буга.
Артынан Бозуул барыптыр,
Нарбуурул деген аты бар,
Айымжан деген бу кызга
Бозуул келди каркыбар.