МАНАСТЫН КҮЙӨӨЛӨП БАРГАНЫ
Отуз төртү Тазбаймат,
Аскара деген аты бар,
Начарбүбү сулууга
Байматыңкелди каркыбар.
Отуз беши Түлөөсү,
Ошолордун баарысы,
Оен Манас баатырдын,
Оогон жерде сүйөөсү.
Калемкаш кызга барганы,
Кан Манастын кырк чоро
Калды бекен арманы?
Ошолордун баарысы
Кара кыргыз зардалы,
Түлөөнүн аты Карагер,
Калемкаш болуп алганы.
Дилдебуруш сулууга
Жабыкенин Кылжейрен
Жаадай учуп барганы.
Абыштын аты Телкүрөң,
Ыргычтап келип калыптыр,
Суксур моюн Сулайка,
Абыш ага барыптыр.
Аксур деген аты бар,
Отуз сегиз болгондо
Алакең кирди каркыбар.
Өкүмкан деген кызга туш,
Баатырлардын көңүлү
Болду бүгүн баары куш.
Айгымдардын Калдары
Аксур менен барганы,
Айымжан болуп алганы.
Кыркы болуп кызайдын
Кыясказы барганы,
Кыйгач каштуу, түймө баш,
Турсунай кыздын үйүнө
Туура келип калганы.
Кырк бир болуп кыйкырып
Көккоёндун Көкжорго
Көшүлүп кирип барыптыр.
Батмабүбү сулууга
Барып турду да буга.
Кырк экиси Акпайы,
Акжал менен секиртип,
Арткы этегин желпинтип,
Азыр келип калганы.
Шылдыр чачпак, жылан көз,
Жыгалуу бөрк, ширин сөз
Шыңгынайга келди кез.
Аркасынан албаңдап,
Аккула менен далбаңдап,
Арстаның Манас барыптыр.

