МАНАС ЖОЛДОШТОРУ МЕНЕН САЛБЫРЫНГА БАРГАНЫ
Алтай тоонун киндиги,
Асманга жакын бийиги,
Адамды билбейт кийиги.
Ар жагы Уркун суусу дейт,
Жер сонуну ушу дейт.
Аягы Баркөл көлү дейт,
Шымалы * Аңгир бели дейт,
Арасы жайык эркинче,
Аңга ылайык жери дейт.
Аны ойлошуп алышып,
Азыкты арбын салышып,
Алгыр куштан алышып,
Түз мылтыгын асынып,
Отуздан-кырктан бастырып,
Очогор мылтык асынып,
Ондон, бештен бастырып,
Бүркүт алып шаңшытып,
Тайгандарын каңшытып,
Арбып-дарбып дүрбөшүп,
Бирин-бири жүр дешип
Аттанып чыгып алышты.
Чаркастандын оюна
Сексен төрт киши барышты.
Чатыр тигип, кош * курап,
Тамашаны салышты.
Алты конуп талаага,
1 Оригиналда мындай тема жок.
Аңгемесин карап ал
Арстан Манас балага.
Атакеси Жакыпка
Аттанар күнү кеп айтат:
— Мен бир айтаар кеп болсо
Эркегинин баарысын
Нээти казат караткан,
Ургаачысынын баарысын
Ак түлөөгө жараткан
Камбар боздун үйрүнөн
Карматып бергин үч бышты.
Баса минип аламын,
Жолдошума мингизип
Жол түзүнө саламын.
Салбырын * деген сапар го,
Салбырынды * көрөмүн,
Талаага чыгып көнөмүн.
Баласы айтып салганы.
— Айланайын, каралдым,
Алды-артыңды карагын.
Керек болсо Камбар боз
Үйрү менен айдагын.
Канча алсаң, анча ал,
Каралдым, сага жыйган мал.
Камбар боздун үйрүнөн
Карматып бешти бергени.
Үчөөн үч, жолдошко мингизип,
Экөөн жалаң жетелеп,
Жолдоштордун артынан
Жете келген энтелеп.
Жолдошу сексен төрт болуп,
Жол салган жагы өрт болуп.
Чаркастандын оюна
Бүгүн алты кондук деп,
Аңгемеде болдук деп,
Ит агытып, куш салдык,
Бөрү, түлкү көп алдык.
Бул олтурган сексен төрт
Бирөөнү төрө десекчи,
Атын атап, төрө деп,
Атын союп жесекчи.
Ак тердикке салсакчы,
Аким кылып, хан кылып,
Улук кылып алсакчы?
Анын айтканына көнсөкчү,
Сексен төрттүн бирөөнү
Аким кылып көрсөкчү,
Ушунубуз улук деп
Нускасына көнсөкчү?!
Асты бардыр жыйырма беш,
Аяк жагы он беште.

