— Кана, Нуукерден келген баатырлар,
Кабарыңды угалы,
Кандай түрдүү ишиң бар?
Алтайлыкта асылган
Ким деген душман кишиң бар?
Бу сөздү айтып салганы.
— Биз билбейбиз душманын,
Нуукер деген улукка
Көрдүк бизди кошконун.
Суудан кечип чыгасыз,
Кандай сөзү бар болсо
Хан Нуукерден угасыз.
Чакчаңдаган чантуу * деп,
Бала туруп бу жерде
Сөзүн айтат катуу деп,
Өткүр Манас балага
Өкүм кыла салганы,
Өлөсүң ылдам бастыр деп,
Катуу сүйлөп калганы.
Айдап барчу сенсиң деп,
Айкожо берген ач албарс
Арстан Манас алганы,
Мына барчу кишиң менмин деп
Башын чаап салганы.
Башчынын башы чабылды,
Баягы турган сексен төрт
Бири калбай жабылды.
Кытайдан келген кыйынсып,
Сексен жети кишини
Куп бүтүрдү ишини.
Ооздон какты тишини,
Оңдоду минтип ишини.
Аты-тонун, жарагын
Олжо кылды карагын.
Олжону алар алганы,
Ойронду мыктап салганы.
Ошо келген жүз киши
Он үчү өлүп дайрадан,
Сексен жети мында өлүп,
Жалгызы тирүү калбады.
Ошо жерден былк этпей
Булар ордуна конуп алганы.
Бу жүз кишиге нетти деп,
Түк да бирөө кайрылбай
Не жоголуп кетти деп
Нуукер дөө жатып алыптыр,
Кеткеним келбей калды деп
Кейишке башын салыптыр.
Алар жатты аякта,
Булар жатты бу жакта.
Өйүз-бүйүз болушуп,
Өзөндү бойлой конушуп.
Кытайдын колу ачыкта,
Кыйла иш болор ашыкпа.
Мусулман болор токойдо,
Азы, көбү билинбей,
Аңдаса көзгө илинбей.
Түн болгондо карасаң
Түтүн чыгат токойдон.
Жылдыздай болгон от көрөт,
Ар кайсы жерде ачыктан
Чыга калган ат көрөт.
Канча экенин биле албай,
Кабар угуп тил албай,
Капаланып Нуукер дөө
Казбай көргө кире албай,
Жүз кишиси жоголду,
Жүргөнү кайдан оң болду.
Санаадар болуп бу жатты,
Саргарып чыгып таң атты.
Урушка какты барабан,
Сегиз жүз киши калыптыр
Нуукер дөөгө караган.
Керней тартты бапылдап,
Сурнай үнү такылдап,
Туу көтөрдү калкылдап,
Асабасы жалпылдап,
Айгай салып кытайлар
Сууга кирди салпылдап.
Терек кыйып, тал кыйып,
Тегеренгис сал кылып,
Эки жүздөн байлады,
Элин сууга айдады.
Төрт сал кылып ийиптир,
Мында калган сегиз жүз
Токтолбой сууга киришти.
Бөлөк-бөлөк кирбестен,
Суунун жайын билбестен
Удаа кирип алыптыр,
Бирин уруп бирине
Убарага салыптыр,
Ушаланып ортодон
Жүз ашык өлүп калыптыр.
Калганы чыгып дайрадан,
Адамы калган, аты өлгөн,
Ат өлүп, киши жөө болгон,
Алты жүз токсон калыптыр,
Айгайды Нуукер салыптыр.
Калгандары жыйылып,
Лаанатка сыйынып.
Алтайлык кайда турат деп,
Ага кылбасам уят деп,
Токой экен, тал экен,
Томаяктар карасам
Баары томолонгон бала экен.