МАНАС ЖОЛДОШТОРУ МЕНЕН САЛБЫРЫНГА БАРГАНЫ
Адам аяк салбас деп,
Аяк салган адамдар
Агып өлбөй калбас деп,
Кечип адам болбос деп,
Кечемин деп кирген жан
Бери багып оңбос деп
Нуукерге кайра салды эми,
Бу жушмаган жүз кишиң
Бири калбай өлөр деп,
Барып жооп ал деди.
Өкүм кылса кечели,
Өзүбүз билсек кетели.
Ар кимдин жаны аёолу,
Өлүмгө кирип нетели.
Муну айтып токтолду,
Барып калган кишиге
Баатыр Нуукер октолду.
Жалтанбасын суудан деп,
Баш тартпасын чуудан деп
Буйрук кылып ийгени.
Жүз кишиси бирдей тең
Сууну көздөй киргени.
Бирден-бирден бөлүнүн,
Ар кайсысы ар жерде
Өрдөктөй болуп көрүнүп.
Ат жалдаган чыгышып,
Кийимдерин сыгышып.
Жыйырмасы агып өлүптүр,
Өлгөнүн көзү көрүптүр.
Сексени чыгып бер жакка,
Тал, токоюн аралап,
Бая жаткандарга каралап
Жакын келип калыптыр.
Ат байлашып жаратып,
Арстан Манас суу жакка
Адам койгон каратып.
Адамдар көрүп кайтыптыр,
Бир жүзчө киши кечти деп
Манаска келип айтыптыр.
Кылыч, мылтык, бар жарак,
Келип кирди дайрага
Бизди көздөй түз карап.
Улугу буйрук кылбаса,
Ушу сууну ким кечет.
Өкүматы болбосо,
Өлүмгө туура ким кирет.
Айтканымды тыңда деп,
Азат боюң чыңда деп,
Азыр келет мында деп
Кароолчу көрүп кайтканы.
Ханы Манас балага
Кабарын барып айтканы.
Аттарыңы миниңер,
Алда кандай жан экен,
Аңдап көрүп билиңер.
Агерде душман көрүнсө
Кыңкайлаба бириңер,
Кысылышка кириңер.
Манас айта салганы,
Айтып оозун жыйганча
Нуукерден барган сексени
Буларга жетип барганы.
Алтайлыкпы элиң деп,
Азыр кайдан келдиң деп,
Багып жүргөн малың жок,
Тигип жүргөн багың жок,
Соода кылган пулуң жок,
Же сонундан алган буюм жок,
Кылыч, мылтык, бар жарак
Боюңарда көрүнөт,
Кыла турган жумушуң
Оюңарда көрүнөт.
Бүркүтүң бар, кушуң бар,
Адырмактан аң уулап
Келген жанбы ушулар?
Салтанатың хан өңдүү,
Кандай жүргөн жансыңар
Сапарга келген жан өңдүү?
Нуукер эрден баргандар
Ошону айтып салганы.
Анда Манас кеп сурайт:
— Өйдө-төмөн сөзүңөр,
Өкүм менен жүргөндөй
Ким болосуң өзүңөр?
Кийик издеп, аң уулап
Жүргөндү көргөн көзүңөр.
Манас сурап турганы,
Кыжылдаган кысталак
Кытайды кудай урганы.
— Каканчындын * калкыбыз,
Кандай өлүм келсе да
Качууну билбейт наркыбыз.
Аскер башчы Нуукери,
Алыстан көрүп силерди
Айдап кел деп жиберди.
Аттаныңар, жүрүңөр,
Астына барсаң ханымдын
Аман калбас бириңер.
Маңдай жакта жатканы
Баатыр Нуукер ханы бар.
Ашыктырып ат мин деп
Анталаган чагы бар.
Алиги Манас баланын
Сурар кеби дагы бар.

