МАНАС ЖОЛДОШТОРУ МЕНЕН САЛБЫРЫНГА БАРГАНЫ
Берки турган сексен төрт,
Бет алган жагы болсун өрт.
Найза, кылыч алганы,
Баабедин деп бакырып,
Желектүү найза жапырып,
«Манастап» ураан чакырып,
Аралашып калганы.
Айбалта башка шака-шак,
Найза төшкө така-так,
Башка кылыч жарка-жарк.
Карсылдашты кошулуп,
Кара кан баштан жошулуп.
Тон тозулуп электей,
Тебетейдин астында
Томуктай болгон курган баш
Жошологон челектей.
Кабылан Манас акырып,
Каарданып бакырып.
Айдаркан уулу эр Көкчө,
Алактатып кытайды
Бир четинен жапырды,
Асманга чаңын сапырды.
Алыскы, жуук айныбас,
Ыраакы, жакын ылгабас
Аккелте үнү жаңырды.
«Манас», «Манас», «Манас» деп,
Арстан эрди карасаң
Ач кыйкырык чаңырды.
Сексен киши айгайы
Сегиз миңдей кол болду.
Селпилдеген кытайдын
Селден каны мол болду.
Орто жери оюлуп
Өлүгүнөн жол болду.
Аркасынан сексен төрт
Аралаш уруш салыптыр,
Алтоо, жетөө жарадар
Атка өбөктөп алыптыр.
Айнакул келди акырып.
Жаралуулар туруңар,
Жарады балдар мунуңар,
Кошту көздөй барыңар,
Кошулушуп алыңар.
Муну айтып Айнакул
Кыжылдаган кытайдын
Артынан түштү мына бул.
Бая манжудан келген Манжыбек
Кайда жүрөт капыр деп,
Качырып кууп, жапыр деп,
Канын суудай сапыр деп,
Кылыч, найза салганы,
Качып калган капырдан
Кырк ат сайып калганы.
Чалыбай кирди чаң салып,
Чыдай албай сексендин
Чыңырган аскер чуусуна,
Чыдабастан кытайлар
Уркундун кирди суусуна.
Ат жакшысын мингени
Ага түшүп, бөлүнүп,
Аркы өйүздө көрүнүп.
Чабал аттуу кытайлар
Чалкасынан түшүшүп,
Чабактай сууга сүзүшүп,
Жанынан үмүт үзүшүп,
Эзилген топо тапталып,
Этеги башка капталып,
Суу үстүндө сулайып,
Көк күрмө менен булайып,
Шалак-шулак этишип,
Шалкайып сууга кетишип,
Тебетейи бөлүнүп,
Дарыянын үстүндө
Тегеренип көрүнүп.
Соорусу чыгып томпоюп,
Соо кутулган кай бирөө
Соолдук ээ деп сомсоюп.
Кытайлар көзүн салыптыр,
Дарыядан кече албай
Кыргын болуп калыптыр,
Бойлоп качып кытайлар
Будаң тоо көздөй барыптыр.
Жээктей качып кай бирөө
Жерген тоо жакка барыптыр.
Тогуз жүз аскер кол менен,
Нуукер балбан зор менен
Жер майланып калыптыр.
Жер майланбай неткени,
Тогуз жүз толук аскерден
Эки жүз араң кутулуп,
Эсенкан жакка кеткени.
Жети жүзү өлүптүр,
Өлгөнүн булар көрүптүр.
Ошо жерде ат-тонун
Олжо кылып бөлүптүр.
Эң аяккы балдары
Он бирден жылкы алганы,
Олжого байып калганы.
Топонун тоодой үйүшүп,
Топосун үйдөй жыйышып,
Күлүгүн тандап минишип,
Күрмөсүн тандап кийишип,
Күлкүгө бүгүн киришип,
Капырдын көзүн оюшуп
Кара канга тоюшуп,
Кабылан Манас баатырды
Каңкор атка коюшуп,
Кош-колоңун артышып,
Кош аргамжы тартышып,
Каңкор Манас экен деп
Кошоматын айтышып.

