Алар болду кеңеште:
Ууда жүрдүк дебейлик,
Алдап атын жебейлик.
Талаада жүрдүк дебейлик,
Танып атын жебейлик.
Төрө кылып, хан кылып,
Касиеттүү жан кылып
Каркыттап күтүп алалы,
Калк ичине барганда
Ханыбыз деп калалы.
Мартың барбы союңар,
Бакылың болсо коюңар.
Кана, жайдары болсоң союңар,
Сараң болсоң коюңар.
Тамашалап жедик деп,
Талаада мындай дедик деп,
Убаданы танбаңар,
Ушу кептен жанбаңар,
Ушу кептен жанам деп
Убайымга калбаңар.
Олтуруп салды тамаша,
Кош * тигишкен жанаша,
Кушубактуу тамаша.
Баарың байдын уулусуң,
Батына албай турусуң.
Билерман бийдин уулусуң,
Бир жылкыга жашынып
Билине албай турусуң.
Боломун деген боз улан
Боюңу тартпа ушундан,
Жакшы болчу боз улан
Жалкоо тартпа ушундан
Бейли катуу балдардан,
Мен-менсиген жандардан.
Астың келип калыпсың
Жыйырма беш жаңы жашыңа,
Арка жагың барсынар
Он беш жаштын кашында,
Мырза балдар — мыктылар
Бир жылкыга жашынба.
Ондон-ондон бөлүнгөн,
Сегиз кошу көрүнгөн.
Ата уулудан чыгыңар,
Айткан сөздү угуңар.
Белги болбос бекер сөз,
Арзан болбос мунуңар.
Бая манжудан барган Шакунду,
Башчы бол деп ушуну
Баары турду камалап.
Анда бала кеп айтат:
— Өз атымды жойгомун,
Алтайлык камап жатканда
Манаска нөкөр болгомун.
Ал болбоду союшка,
Өңкөй балдар ашыкты
Бир ат союп коюшка.
Ошпурдун уулу Назарбек,
Орунду ушу басар деп
Аны да айтты сойгун деп.
Аны айтканда жооп айтат:
Сегиз жашар жашымда
Манаска берип койдум деп.
Алтайда кыргыз Айнакул,
Атасы аты Саламат,
Аны сен атыңды сойгун деп
Арага алды жамагат.
Манастан корккон өзүм бар,
Көбүңөргө сөзүм бар,
Күчү менен кайратын
Көрүп калган көзүм бар,
Көкүрөктө эсим бар.
Баарыңарга эп болсо
Манасты төрө кылууга
Ынтызар болгон кезим бар.
Төгүн болбос төрөлүк,
Айдаркан уулу эр Көкчө
Сен атыңды союп бер,
Ханга ылаиык көрөлүк.
Каракожо баласы,
Атын айтат Калдар деп,
Калдар мырза баланы
Хан көтөргүн, балдар, деп
Камалаша калганы.
Хан болуучу алым жок,
Камалаба мени деп
Калдар айтып салганы.
Анда Көкчө кеп айтат:
— Арбак урсун баарыңды,
Алты күн кондук талаага,
Алдырганы турасың
Напси деген балаага.
Мазак кылган сөз үчүн
Макоо атын сойбосо,
Аңгеме кылган сөз үчүн
Акмак атын сойбосо.
Ачка болсоң, ток болсоң
Лкыры бүгүн жатыңар,
Уулуу кийик болбосо
Улар-пулар атыңар.
Эч табалбай баратсаң
Элик-мелик атарсың,
Эчтеңке таппай баратсаң
Элди көздөй кайтарсың.


Эр Көкчө айтып салганы,
А сөзүн угуп алганы,
Аскардын уулу Жабагы
Ачуусу келе калганы:
— Алтай тоонун аягы
Сары-Арканы жайлаган,
Сан казакты айдаган,
Башкы атасы Барак хан,
Чоң атаң бар Камбаркан,
Өз атаң бар Айдаркан.
Боз балдардын ичинен
Болот деген сен болсоң!
Башыңдан куру киши эмес,
Башка киши кылса да
Сен кылуучу иш эмес.
Малга кароо болгонуң —
Балкып жыргап оңгонуң,
Башка жанды айнытып
Бабырабай койгунуң.
Жабагы кагып салганы,
Мен эле бузуп баратсам,
Бекер жаткан мал тапсаң,
Өчөшүп кетсең Жабагым
Өз атыңды сойчу деп,
Өйдөлүк сөзүң койчу деп
Көкчө токтоп калганы.
Күлдүрдүн уулу Чалыны
Сен атыңды сойгун деп
Күлдү баары жалынды.
Нескара келген тушунда,
Эсим чыгып ушунда
Кошчу болдум Манаска.
Атымды соё салышка,
Азыр менин алым жок
Хан болуп чыга калышка.
Аны таштап жиберди,
Тыргооттордун Деркенбай,
Ар кимде бар бир-бир тай,
Тыргоот деген улуу журт,
Азаматың шайма-шай.
Чоң атаң болгон Калдай деп,
Сойсоң атың кандай деп,
Кезек сага келди деп,
Сен билсең кантет элди деп
Камалашты баарысы,
Улуу-кичүү жамысы.
Улук болор жайым жок,
Урматка турар шайым жок.
Ушуну айтып салганы.
Жана Тыргоот калкы бар,
Аңгирдин уулу Коной деп,
Атыңды сойсоң болор деп,
Артыкча арбак конор деп,
Ага келди кезеги.
Атымды сойбойм акыр деп
Ал айта электе безенди.
Баары болбой качкан соң
Манаска келди кезеги.
Сексен төрттүн ичинде
Сен экенсиң кичүүсү.
Эсеп жетпейт малыңыз,
Элден бата алыңыз,
Урматтап улук кылалы,
Айтканга көнө калыңыз.
Урматтуу Жакып баласы,
Сен кандайсың мырза деп
Эл ортого алышты.
Түп атаң кыргыз уругу,
Өзүң бай Жакыптын тунугу,
Бала Манас, кандайсың,
Эмине үчүн атыңды
Бу жерге союп салбайсың?!
Дөөлөтү бар атаңдын,
Бизден бата албайсың.
Бу сөздү айтып салганы,
Муну уккан соң эр Манас
Сөзгө кирип калганы:
— Ата уулудан арбын бар,
Алачтардан аргын бар,
Алчындардан Кожо бар,
Акылмандар кошо бар.
Баарыңарга эп эмес,
Атын союп хан болуш
Адам угар кеп эмес.
Кийик издеп, аң уулап,
Чаркастын келдиң бетине,
Талгак болсоң баарыңар
Бир жылкынын этине
Ат минбесем коёюн,
Алып келип жыгыңар,
Аккуланы соёюн.
Аккула жандан кайранбы,
Ач болсоңор табайын
Аманат жанга айлаңды.
Алып келип бер жакка
Аккуланы союңар,
Атын сойбойт экен деп
Ойлобосун оюңар.