Хан болгон соң тим тур деп
Айнакул айтып салганы.
Ачууланып, күүлөнүп,
Айдаркан уулу эр Көкчө
Атка камчы салганы,
Кытайдын Кымкар баатырга
Маңдайлашып калганы.
Көкчөдөн найза жеткени,
Көкүрөккө неткени,
Көк качырдан Кымкарды
Көмө коюп кеткени.
Болот кылыч алганы,
Болжоң деген бир баатыр
Аскерден чыга калганы.
Аламойнок аты бар,
Адамдан башка заты бар.
Болжоң келди күркүрөп,
Көргөндүн бою дүркүрөп,
Алеңгир жаа *, сыр жебе *,
Коломсокто * огу бар,
Көтөн ооз көк бараң
Милтесинде чогу бар.
Болжоң чыга калганы,
Болумдуусу эр Көкчө
Буга каршы барганы.
Кымкарды кырдан салдың деп,
Кызыталак сен чантуу *
Кыйынсынып калдың деп,
Кыйкырып келди Көкчөгө.
Эр Көкчөгө жетер деп,
Найза сайбай ок менен
Мерт таптырып кетер деп,
Оңдонуп Манас калыптыр,
Аккелте менен бир атып,
Ойрон кылып салыптыр.
Аттан түшүп далп этип,
Жер кучактап жалп этип,
Болжоң баатыр өлгөнү,
Болжоп Нуукер көргөнү.
Атына камчы салганы,
Чыдай албай акырып,
Чымырканып бакырып,
Нуукер жөнөп калганы.
Арстан Манас баатырың
Аккула камчы салганы,
Нуукер дөөгө бет алып
Маңдайлашып барганы.
Баатыр Манас нетти деп,
Не балаа болуп кетти деп,
Мен түшкөндө майданга
Сен каяктан жеттиң деп,
Эмине болуп кеттиң деп
Көкчө эр айтып салыптыр.
Кытайдан Нуукер чыкты деп,
Уктум эле мурунтан
Кылымдан ашкан мыкты деп,
Аны көрүп алдым деп,
Ачыды сага жаным деп,
Ан үчүн келип калдым деп
Эр Манас айтып салганы.
Э дегенче болбоду,
Нуукер дөө келип калганы,
Бу турган эки баланы
Жаалы менен карады.
Атына камчы салганы,
Айдаркан уулу эр Көкчө
Акырып кирип барганы.
Мылтык атып, жаа тартпай,
Найза, кылыч көтөрбөй,
Эрдиги эмей неткени,
Ачууланып жеткени,
Айдаркан уулу Көкчөнү
Айкырган бойдон чоң Нуукер
Аттан жулуп кеткени.
Атынан жулуп алганы,
Алпарып ташка урууга
Даярданып калганы.
Аны көрүп эр Манас
Аккула камчы салганы,
Айкырып жетип барганы,
Ат үстүнөн Нуукерди
Ай далыдан алганы,
Астында Көкчө баланы
Алган бойдон арбайып,
Эр Манастын колуна
Экөө бирдей барганы.
Аттын коюп жалына,
Кайра чаап эр Манас
Сексенине барганы,
Сексейишип сексени
Манаска көзүн салганы.
Кармаган колу карышып,
Калган экен Көкчөнүн
Карчытына жабышып.
Коё бербей тутуптур,
Алып келип эр Манас
Нуукер дөөнү жутуптур.
Жутпаганда неткени,
Жулуп башын кеткени.
Башын чаап салганы,
Баягы турган жети жүз
Баары бирдей ат коюп,
Аламан деп калганы.