МАНАС ЖОЛДОШТОРУ МЕНЕН САЛБЫРЫНГА БАРГАНЫ
Бири кайтып келген жок,
Бир жүз кишим кана экен?
Жана маңдай жактан көрүнгөн
Алтайлык канча жан экен?
Атка минип алыңар,
Ар тарабын чалыңар.
Анча-мынча жоо болсо
Куткарбай кармап алыңар.
Аны айтып Нуукери
Ар тарапка чыгарды.
Баатыр менен балбаны
Ар тарапка барганы,
Жети жүздөй кол эле,
Аралдагы аз киши
Тегеректеп калганы.
— Кайсы калктан уругуң,
Кай жер болот туругуң?
Билмек үчүн сурадым,
Чаң-Чаң деген бирөөсү
Шашыңкырап сүйлөдү.
Анда Манас кеп айтат,
Ачууланып бек айтат:
— Түп атам уксаң Түбөй хан,
Түк калбастан кырылган
Сүрүшөм деген канча жан.
Башкы атам уксаң Бабыркан.
Башын жуткан өзүнүн
Басташам деген канча жан.
Көп жерди алган Көгөй хан,
Көбү жерге көмүлгөн
Көсөмсүгөн канча жан.
Чоң атам аты Ногойдур,
Өзүмдүн атам Жакып бай,
Айтканымды уккун жайма-жай,
Атым менин Манас деп,
Алда талаа сактаса
Ар балаадан калас деп,
Алуучу кегиң бар болсо
Намысыңа талаш деп,
Аябагын жаныңды,
Кетирермин саныңды,
Суу ордуна төгөрмүн
Суурсам кылыч каныңды.
Манас салды айгайды,
Атка минип сексен төрт,
Орто жерге жыйылып,
Бир кудайга сыйынып,
Токтолуп алар калганы.
Кытайлардын жагынан
Кымкар деген бир балбан
Кылычын сууруп алганы,
Кыйкырып чыга калганы.
Кылмак элең Манас деп,
Кызталак сенин зарпыңдан
Кырылар бекен алач деп,
Бээжиндин шаары беш айлык,
Бет алып бери кол чыкса
Беттеше албайт алтайлык,
Кийик атып тим кетпей,
Киши өлтүрүп тамтайдык,
Эрегишип койбодуң,
Эсенканды арзан ойлодуң.
Катылышып койбодуң,
Каканды арзан ойлодуң.
Жат эмессиң, бөлөсүң,
Жаман жоого катылдык,
Жайсыз жерден өлөрсүң.
Жайнай качып жөнөсөк
Жаман бизди көрөрсүң.
Айдаркан уулу эр Көкчө
Наалыш кылып калганы.
Анда Манас сүйлөндү:
— Акылың жок жер Көкчө.
Жазуудан артык жан өлбөйт,
Так үстүндө хан өлбөйт.
Көптөн коркуп турбачы,
Көөсөрлүк кебиң урбачы.
Арбын деп коркуп турбачы,
Сен, аразма кебиң урбачы.
Алты жүз кытай келгенге
Алдырайсың каласың,
Акылыңдан танасың,
Артык сөз айтып саласың,
Айта берсең ушинтип
Азамат үшүн аласың.
Кырк-отузда кишиден
Арабызда карасам
Алтоо, бешөө турбайбы,
Жалпы баары жаш бала,
Буларды жалтанса кудай урбайбы!
Улуктар өкүм айта элек,
Уруштан тези кайта элек.
Жүрөгү жоодон кала элек,
Өңкөй өткүр бала элек!
Менден жашың улуусуң,
Жок жердеги сөздү айтып
Жобоп келип турусуң.
Аны айтып эр Манас,
Чыгайын деп жекеге
Камданып Манас калганы.

