МАНАС ЖОЛДОШТОРУ МЕНЕН САЛБЫРЫНГА БАРГАНЫ
Үч бөлүнгөн жол көрдү,
Эки жолу оң жакта,
Бир жолуну сол көрдү,
Бири терек, бири тал,
Жыгачынын түркү ушу,
Бир жыгачта миң уя,
Чынарыньын көркү ушу.
Жакшы экен го жери деп,
Жаңгел-токой * чери деп,
Жандуунун баары барга окшойт,
Жабыр баян * шери деп,
Алты күнү, беш күнү
Аялдайлы деги деп,
Арстан Манас мырзага
Келген болсо эби деп
Акылдаша калганы.
Аса байлап аттарын,
Көрпөчөсүн алышып,
Көк шибердин үстүнө
Көлпүгүп жая салышып,
Көйкөлүп жатып калышып.
Эригип элик атышып,
Эс алышып жатышып
Буурукса бугу атышып,
Буурукпаса жатышып,
Булар жатсын шо жерде.
Муну таштап салыңар,
Мурунку Эсенканыңар
Кырк беш төөгө мал жүктөп,
Кызыл алтын зар * жүктөп,
Торгун *, тубар * пул менен,
Алты шибен кул менен,
Он уйгурлук сарт менен,
Калмактын онун кошчу алып,
Манас деген дарт менен
Байкап билип келмекке
Жиберген экен Эсенкан,
Кабары жок жоголду
Алтайга кеткен канча ж-ш.
Алты жарым жыл болду,
Андан бери кабар жок,
Алар кандай болду экен,
Айтылбады бизге жооп.
Алтайдын тоосун аралап
Оролдун тоосун оодарып,
Анжиянда Алооке,
Кашкардын беги Канкууга,
Кайрылбай Жеркен, Котонго
Кабар айткын ошого.
Самарканга барыңар,
Жайып кабар салыңар.
Кырк беш төө пул менен
Кыйла кишим жоголду.
Кабары болсо табыңар,
Каяша кылган жан болсо
Башын үзө чабыңар.
Ушуну айтып Эсенкан
Узаткан экен канча жан.
Нуукер деген башчысы,
Кент калаанын жакшысы.
Жолго Нуукер салыптыр,
Тогуз жүз аскер кол менен,
Марал-Кечүү жол менен,
Башчысы Нуукер зор менен
Маңдайга келип калыптыр.
Байкап карап буларды
Алтайлыктын адамы
Алдыман чыгып калды деп,
Нуукер балбан кубанды.
Айтканыма көнсүн деп,
Ажалдуусу өлсүн деп,
Өлбөгөнү келер деп,
Өзүмө жооп берер деп:
— Жүзүң мындан барыңар,
Жүр деп кабар салыңар,
Жүрбөйбүз деп тартынса
Жүндөй саба баарыңар.
Нуукер буйруп ийиптир,
Жүз адам келип караса
Уркундун суусу кириптир:
Башынан мөңгү бузулуп,
Жандоосунан караса
Жайсаңдын суусу кошулуп,
Капкара болуп көрүнөт
Кан жыттанып жошулуп.
Токою бийик доолдоп,
Тоосу бийик зоолдоп.
Тереги шамдай сайылып,
Деңизден чыккан толкуну
Кайың, талдын түбүнө
Как тизеден жайылып.
Жаткан экен күркүрөп,
Жакын келген адамдын
Таман бою дүркүрөп.
Нуукер буюрган жүз баатыр
Сууну көздөй келе атыр.
Сууну көрүп алганы,
Сүрү кетип калганы.

