МАНАС ЖОЛДОШТОРУ МЕНЕН САЛБЫРЫНГА БАРГАНЫ
Аны айтып Манас салганы,
Айтканын угуп Чегебай
Ордунан тура калганы:
— Аккула арык эти жок,
Аны жеген кишинин
Адам эмес, бети жок.
Арстан Манас баланын
Атын сойбос нээти жок.
Хан Жакыптын колунан
Карматып минген мал эле,
Как өзүмдүн колумда
Бир боз бышты бар эле,
Укурук, жүгөн тийбеген
Ушундай семиз мал эле.
Берсе Манас бегиңер,
Бекерге кетпей кебиңер,
Соёруңар чын болсо
Аккуланы коюңар,
Боз быштыны союңар.
Байрак байлап, туу кылып,
Кашыңда Манас баланы
Хан көтөрүп коюңар.
Бу сөздү Чеге баштады,
Макул болот акыр деп
Боз быштыны алып келип,
Көпчүлүк союп таштады.
Этин тегиз бөлүшүп,
Ар кошунда камбылдар
Алиги Манас баланын
Айтканына көнүшүп.
Жакшылап бөлүп алышып,
Жан казанга салышып,
Жайланып жыргап калышып.
Качкан менен болбостон
Кабылан Манас баланы
Камалап кармап алганы,
Коюңар десе болбостон
Алып келип Манасты
Ак тердикке салганы,
Ханыбыз деп дүркүрөп
Хан көтөрүп алганы,
Хан нөкөрү бизбиз деп,
Кашындагы боз балдар
Каткырып күлүп калганы.
Ак быштыны союшуп,
Аппак майга тоюшуп,
А күнү анда конушуп,
Эртеңки күнү эр Манас:
— Хан көтөрүп салдыңар,
Качкан менен болбодуң,
Камалап кармап алдыңар.
Баарыңарга эп болсо,
Бакырың билген кеп болсо
Алтай тоодо Аңырты
Ашып аны алабыз,
Ар жагы Уркун дайра бар,
Марал-Кечүү барабыз,
Батыра чалгын чалабыз.
Жолдоштун баарын бардаймын,
Жолду барып чардаймын,
Каракчы болсо кармаймын.
Ууру болсо тутамын,
Уудуң-шуудуң жан болсо
Ушундайда жолукса
Соо койбой башын жутамын.
Кыйынсынып аттанып,
Кытайдан жортуул бар бекен?
Кайраттуусунуп аттанган
Каңгайдан жортуул бар бекен?
Хан болгон соң Манасың
Карап жатчу жан бекен.
Бул олтурган эрлерге
Буйрук кылып салганы,
Буудан Манас баланын
Айтканын кабыл алганы,
Абыр-шабыр ат токуп,
Ат токуса бат токуп,
Кош колоңун артышып,
Кош арканды тартышып,
Аз гана эмес мол жүрдү,
Алтайдын башы Аңырты
Ашып алып жол жүрдү.
Ара конуп арага,
Өкүматы тийиптир
Өткүр Манас балага,
Алар жакын барыптыр
Агынды Уркун дарыяга.
Марал-Кечүү бар деген,
Башкасы бийик жар деген,
Урган таштай суу аккан
Уркундун суусу шар деген
Ушуну көздөй баралы,
А да болсо бир сонун
Дарыяны карайлы.
Кайра тартып каларбыз,
Карарган болсо талаарбыз,
Калбаны кыйла саларбыз.
Ушуну ойлоп жаш МанасУзап жолго салганы.
Ара конуп арага,
Акыры кирген жери ошол
Уркундан берки талаага.

