Жебилгеси жер чийип.
Жекесаны * баш жарып,
Кыйбаты көп, арзаны аз,
Кыз-келини кыял мас.
Алтайдын бети жоюлуп,
Аземдүү сулуу чоюлуп,
Алты миң, беш миң аскери
Ашуулуу белге коюлуп,
Арстандын көчүн көргөндөр
Аш ичпей карды тоюнуп.
Жылкынын баарын жыйнатып,
Жыранты менен Аңыртты
Жык толтуруп жайнатып,
Жылдырып жылкы айдатып,
Жылкычынын баарына
Сызылтып казы чайнатып,
Чөлгө жылкы салбайлык,
Чөөлүктүрүп кыйратып
Бөөдо кырып албайлык.
Алтайдан өтсүн Жылдызга.
Жылдыздап сыртка салыңар,
Турпан, Кер-Көл арасын
Тууралап алып барыңар.
Саламатты баш кылып,
Жылчкычыны башкар деп,
Ыйманга бекем тапшырып,
Көчтөн жылкы бөлгөнү,
Бөлгөнүн көзү көргөнү,
Малымдан мен да калбайм деп,
Бай Жакып кошо жүргөнү.
Атасын ээрчип Абыке
Ал жөнөдү малына.
Бара турсун Манасың,
Барсын Жакып жылкыга
Ээрчитип алып кашына
Эр Абыке баласын.
Аны таштап салыңар,
Айдаркан уулу Көкчөнүн
Кабарын угуп алыңар.
Улуу тоонун оюнан,
Оркун дайра боюнан
Жибек аркан тарттырып,
Аз болгондо көчүнөн
Алтымыш атан арттырып,
Алтындуу доол кактырып,
Кошмок кара нарларга
Коңгуроону тактырып,
Ырастап көчтүн борумун
Ыспаны килем жаптырып,
Дүңгүрөтүп жылкысын,
Түпөктүү найза боз балдар
Түрмөгү менен бастырып,
Тарбагатай кайда деп,
Күрмөлдү ара талаадан
Күрмөлтпөй жылкы айда деп,
Күн жүрүш жак Жылдыз деп,
Алтайда арбын кыргыз деп,
Каран калган жылкыны
Кагып-согуп айда деп,
Каркыра менен Терс-Маёо
Текестин жери кайда деп
Айдаркан көчтү күңгүрөп,
Атпай алач дүңгүрөп.