Муну айтты Манас көбүнө,
Жайнаган чалкар көлүнө.
Айдаркан, Жакып карысы,
Акылдашып калышты
Ал жердеги баарысы.
Кыргыздын кыйла башы бар,
Кырка олтурган жакшылар,
Кыпчактын чечен Тазы бар.
Таз сүйлөдү жыйынга:
Үрбү деген бир уулум
Калтырды деди кыйынга.
Даңгүлү калаа— Кемин шаа,
Дат айтамын журтум саа,
Ойсалкын кызын алыптыр,
Ошого кылып убада,
Ошо жерге барууга
Ойротту кылды убара.
Кыргыз, кыпчак уругум,
Кыз үчүн балам кетем деп
Кыйналып жаман курудум,
Кыргыз көчпөй койсо да
Мен көчүүгө турумун,
Кылым кыргыз олтурсуң
Кыйшыгы барбы мунумдун?
Кыз үчүн өзү жоголгон
Кылыгы кандай уулумдун?
Таз ушуну сүйлөдү,
Айтканын Үрбү сүйбөдү:
Кашар-Сууга баргын деп
Качан Үрбү сүйрөдү?
Төгүн дебе баарыңыз,
Колуңузда турбайбы
Төрт түлүктүү малыңыз,
Кааласаң мында калыңыз!
Эр Үрбү сүйлөп салганы,
Эне-атам калсын деп
Көңкү журттун ичинде
Көчмөкчү болуп калганы.
Айдаркан уулу эр Көкчө —
Айбаты журттан бөлөкчө,
Ордунан турду кеп баштап,
Ой калайык деп — баштап,
Биринчиси жер пайда,
Билим керек мындайда.
Экинчиси эл пайда,
Эмгек кылып баш байлап
Эл табуучу эр кайда?
Жети-Суу жердин соорусу,
Атынын жеми күрүчтөн,
Намыс ойлоп мен турам
Ага барбай жүрүштөн.