МАНАС БАШТАГАН КЫРГЫЗДАРДЫН АЛТАЙДАН АЛА-ТООГО КӨЧКӨНҮ
Текес менен Куястын
Барганда башын кемирдик,
Каркыраны көргөндө
Бой аттуу жүрүп семирдик.
Ченедим Челек, Чарыны,
Дариясын жээктеп
Көрүп келдим баарыны.
Барганда бардык тоо менен,
Барсылдашып жоо менен,
Келгенде келдик чөл менен,
Кара-Өткөл деңиз көл менен.
Мурун көргөн жер эмес,
Бу сапарда мен көрдүм,
Ал жерди барып жердесек
Алтайыңдан кем эмес.
Уксаңар ушу сөзүм деп,
Азыркысын сырым шул
Алма-Коюр жердөөгө
Ашык болдум өзүм деп,
Эл калса да мен барам.
Аны айтып Көкчө басылды
Кул;урады кыйла журт:
Кубаттап Манас баатырды,
Көрөрсүңөр, артында
Көчпөйт Көкчө акыры.
Көт жагында кой кашка,
Көпчүлүк сөзү бир башка,
Күбүрөшүп калышты:
Күүлөп айтат Көкчө деп,
Күңкүү кылып салышты.
Кандарың каалайт экен деп
Карыянын баарысы
Каткырып күлүп калышты.
Казатка барды деп жүрсөк,
Калгандын камын жеп жүрсөк
Казат деп мурун барыптыр,
Калбалуу катын алыптыр,
Кайта келип, көрүңөр,
Калбаны калкка салыптыр.
Карыялар муну айтып
Каткырып күлүп калыптыр.
Көкчө менен Үрбүсү,
Көпкө маалим үлгүсү!
Каалады барсын кайнына,
Каратып келген айлына.
Манастын барар кайны жок,
Барабыз кайда дайны жок?

